Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен алынды


Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен алынды. Бул тууралуу фракция депутаты Наталья Никитенко 23-июнда жалпы жыйында айтып, чечимди окуп берди.

Фракциянын 21-июндагы жыйынында Нышановго ишенбестик көрсөтүлүп, анын ордуна депутат Шералы Абдылдаев шайланды.

Никитенко лидер алмаштыруу боюнча жыйынга фракциянын 11 өкүлү катышып, жетөө Нышановго каршы добуш бергенин, "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзам эрежелери сакталганын айтты.

Сайдулла Нышанов аны лидерликтен кетирүү мыйзамсыз болгонун билдирип, парламенттин юридикалык бөлүмүн жагдайга көңүл бурууга чакырды. Ал фракция башчылыктан кетирүү үчүн мыйзамга ылайык сегиз добуш керек деп эсептейт. Парламент жыйынында бул маселе каралып жатканда "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын ортосунда чыр чыкты. Шайлообек Атазов менен Айсулуу Мамашева кайым айтышып, Жогорку Кеңештин жыйыны үзгүлтүккө учурады.

Нышановдун лидерликтен кетирилгени тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына 22-июнда жарыяланып кайра өчүрүлгөн. Парламенттин басма сөз кызматы муну фракция чечиминде талаштуу жагдай жаралганы менен түшүндүргөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG