Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү, "Ата Мекен" фракциясында лидер алмашты


Шералы Абдылдаев менен Сайдулла Нышанов
Шералы Абдылдаев менен Сайдулла Нышанов

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп депутат Шералы Абдылдаев шайланды.

Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин лидер болуп келген депутат Сайдулла Нышановго фракциядагы 11 депутаттын жетөө ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Фракция лидеринин орун басары Шайлообек Атазов дагы кызматынан алынып, ордуна Наталья Никитенко шайланды.

"Ата Мекен" фракциясына жаңы лидер болуп шайланган Шералы Абдылдаев буларды билдирди.

“Ар кандай туура эмес иштер болду. Кээ бир маселелерге келгенде акылдашпай чечим кабыл алган учурлар болгон. Анын үстүнө фракция лидерлигине келишинде дагы маселе бар болчу. Фракциянын жобосунда фракция лидери партиянын мүчөсү болушу керек. Нышанов болсо билдирүү кылып, партиядан чыгып кеткен. Биздин фракцияда 11 депутат бар, ошонун жетөө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жети депутат жаңы лидер кылып мени шайлашты”.

Сайдулла Нышанов фракция лидери болуп үч ай мурда шайланган.

2020-жылдын октябрь айынан бери Жогорку Кеңештин бир нече фракциясында лидерлер алмашты. "Кыргызстан" фракциясынын башына депутат Бейшеналы Нурдинов келсе, КСДП фракциясын убактылуу башкаруу Өмүрбек Бакировго өткөн. Октябрь айынан бери "Ата Мекен" фракциясында төрт жолу лидер алмашты. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG