Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Коронавирус: бейтаптардын көбү оор абалда жатат


23-июнда Кыргызстанда дагы 738 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Сегиз киши көз жумду.

Расмий маалыматка ылайык, ооруканада жаткан 2,5 миңдей кишинин арасында 100 бейтап өтө оор, 800гө чамалуусу оор, 1600дөйү орточо оор абалда деп сыпатталууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 23-июнда 117 284 кишиге жетти. Алардын 106 383ү айыгып, 1953ү каза болду.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкекте катталууда. Адистер аймактарда да абал дурус эместигин белгилешүүдө.

Коронавируска каршы 92 миңден көбүрөөк киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасын күтүүдө.

Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG