Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

"Вакцина ал же иштен кет". Орусиянын мигранттарга талабы


Орусия.
Орусия.

Июндун экинчи аптасынан баштап Орусияда коронавирус боюнча абал курчуп кетти. Мындан улам Москва баштаган айрым аймактарда тейлөө тармагында иштегендер вакцина алууга милдеттендирилди. Бул жараян кыргыз мигранттарына кандай таасир этүүдө?

Азамат Алымбеков Москвада тамак-аш жана тейлөө тармагында иштегендер вакцина алууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

“Ачык эле “вакцина ал, болбосо иштен кет” деп айтып жатышат. Ушундай абалга жакында менин эжем кабылды. Ал иштеген ресторанда вакцинаны мажбурлап алдырышыптыр. “Спутник V” вакцинасын алышканын көп адамдардан угуп жатам. Эмдөөдөн кийин кээ бир адамдар үч-төрт күн ооруса, айрымдары көтөрүп кетет экен. Жалпысынан ушундай болуп жатат. Мигранттар кандай жол болбосун вакцина алат деп ойлоп жатабыз”.

Азамат өзү курулуш тармагында иштейт. Жумуш берүүчүлөр ага азырынча эмдөөдөн өтүү талабын коё элек.

Орусияда июндун башынан бери вирусту жугузуп алгандар эки эсе көбөйгөн. Мындан улам Москвада жана кээ бир аймактарда тейлөө тармагында иштегендер вакцина алууга милдеттендирилген.

Орусияда жеке клиника иштеткен дарыгер Кубанычбек Алибеков да соңку кезде мигранттар арасында коронавирус жугузгандар көбөйүп жатканын байкаган.

“1-июндан тарта ишкана, уюмдардын кызматкерлеринин 60% вакцина алышы керек деген буйрук чыккан. Биз да ишканабыздагы кызматкерлердин 60% көбүн эмдедик. Бардык уюмдарга ушундай талап коюлган”.

Элиза Шаева Москвада жашайт. Ал мигранттар үчүн эмдөөдөн өтүүдө эч кандай тоскоолдук жок экенин айтып берди.

“Бул жерде эмдөөгө кезек деген нерсе жок. Бейтапканаларда деле, керек болсо соода-сатык түйүндөрүндө да атайын пункттарды ачып коюшкан. Ал жерге каалагандар барып, бекер вакцина алышса болот”.

Бирок мындай шарттарга карабастан мигранттар арасында вакцина алгысы келбегендер көп экенин Москвадагы "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов билдирди. Ал мунун себебин эмдөө тууралуу туура эмес маалыматтардын тарап жатканынан жана кенебестиктен көрөт.

“Менин угушумча вакцинаны аз эле адам алды. Эмнеге дегенде бул тууралуу ар түрдүү терс үгүттөр жүрүп, маалыматтар тарап атат. Ошон үчүн вакцина алуудан чочулагандар бар. Менимче, мигранттардын 5% эле эмдөөдөн өттү. Айрымдары “мен оорубайм” деген ой менен камарабай жүрүшөт”.

Руслан аттуу журтташыбыздын айтымында, эмдөөдөн качып, жасалма сертификат жасатуу жолун издеп жаткан мигранттар да жок эмес.

“Вакцинадан алуудан коркуп, жасалма сертификат жасатып жатышат. "Эмдөөдөн өттү" деген сертификаттын баасы 10 миң рубль. Документ жасаган тааныштарым ошондой дешти. Вакцина албайсың, бирок сертификат жасап беришет”.

22-июнга карата Орусияда вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 5 350 919 кишиге жетти. Илдеттен бир күндө 546 адам көз жуумп, пандемияда өлгөндөрдүн жалпы саны 130 347ни түздү. Бул статистиканын канчасын мигранттар түзөрү белгисиз.

Буга чейин Орусия башкалаасынын Саламаттык сактоо департаменти Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөй турганын, бейтапканага жатам дегендер эмдөөдөн өтүүгө милдеттүү экенин кабарлаган.

Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук “Российская газета” басылмасына берген маегинде "1-июлдан тартып вирустун жоктугун тастыктоочу "COVIDсиз саякаттоо" тиркемеси ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн милдеттүү болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны 1 миллиондон аша турганы айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG