Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Жапаров: Вакцина чыгарам деген ишканаларга жеңилдик берилет


Акылбек Жапаров - 2020-жыл
Акылбек Жапаров - 2020-жыл

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарган компанияларга бардык жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров президенттин бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

“Ким Кыргызстанда коронавирустун вакцинасын чыгарса, бардык жеңилдикти бергенге даярбыз. Акча, жабдык, кепилдик, эмне кааласа беребиз. Иши кылып бизге вакцина бериш керек. Кыргызстандын калкынын 0,7% гана эмделип бүттү. Бул туризм, тейлөө кызматына негизделген биздин экономиканын трагедиясы жана кыйрашы. Жакынкы убакта вакцина барына жеткиликтүү болушу керек".

Акылбек Жапаров 28-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин кеңешчиси Кыргызстанга келе турганын айтты. Анын билдирүүсүндө, Индия Кыргызстанда вакцина чыгарууга ниеттенип жатат.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкекте катталууда. Адистер аймактарда да абал дурус эместигин белгилешүүдө.

Коронавируска каршы 92 миңден көбүрөөк киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасы келерин кабарлаган.

Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган. (МТа)

XS
SM
MD
LG