Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөт


Кыргызстандагы заводдордун бири.
Кыргызстандагы заводдордун бири.

Президенттин алдында Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөт. Ага кайрылган ишкерлердин арыз-муңун мамлекет башчы өзү көзөмөлгө алат. Мындай маалыматты Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

“Мен коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турган кезде бул кеңешти түзгөм. Эки жыл эффективдүү иштеген. Кийин мен иштен кеткенде бул кеңешти да жоюп салышкан. Эми жакынкы арада кайра түзүлөт”.

Бул жыйында президенттин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюлары айтылды. Жапаров бул чечим бизнести колдоо максатында кабыл алынганын белгиледи.

Быйыл мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат да (Финполиция) жоюлган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG