Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Дүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыкты

Дүйшөнбек Чоткараев
Дүйшөнбек Чоткараев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Бишкек шаардык сотунда 15-июнда ушундай чечим кабыл алынганын аталган мекемеден "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Чоткараев Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") менен шек саналып, 2020-жылдын ноябрында кармалган.

Алтын аткезчилигине шек саналган Чоткараев УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө аяктаганга чейин камакта болору айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG