Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кайрадан насыя берип баштайт

Кыргызстан менен Орусиянын желектери.
Кыргызстан менен Орусиянын желектери.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирди.

“Кичи ГЭС салууга долбооруңар даяр болсо кыргыз-орус фондунан насыя алып, курулушуңарды баштасаңар болот. Фонд буга чейин насыя берүүнү токтотуп койгон. Бирок жакын арада бере баштайт”, - деди Жапаров.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Расмий маалыматка ылайык, фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган. (MiK)

XS
SM
MD
LG