Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Али Токтакунов: Жапаров менен Ташиев да сурак бериши керек


Али Токтакунов мурда "Азаттыктын" кабарчысы болуп иштеген.
Али Токтакунов мурда "Азаттыктын" кабарчысы болуп иштеген.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов 23-июнда Ички иштер министрлигине суракка кирип чыкты. Ал 2020-жылда бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларына байланыштуу күбө катары чакырылган.

Суракка кирип чыкканын Токтакунов "Фейсбукка" жазып, Октябрь окуяларына так юридикалык баа берилиши керектигин билдирди:

"Калыстык болушу үчүн ошол күндөрү аянтта жүргөн баары: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов ж.б. суралышы керектигин айттым".

Прагада иштеген Токтакунов Кыргызстанга былтыр 7-октябрда келген. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте өткөн акцияларда чыгып сүйлөгөн. Ал окуяларда ошол кезде камакта жаткан Садыр Жапаров бошотулуп, бийлик башына келген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев да бул окуяларга активдүү катышкан.

Октябрь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы суракка чакырылды.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, Октябрь окуяларында "калайман башаламандык уюштурган" деген кине тагылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG