Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Шаардык сот Зулпукаров менен Жээнбековду камакта калтырды


Зулпукаров менен Жээнбековдун тарапташтары уюштурган акциялардын бири.
Зулпукаров менен Жээнбековдун тарапташтары уюштурган акциялардын бири.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду камакта калтыруу чечимин чыгарды. Алардын бөгөт чарасы 23-июнда каралды.

Буга чейин эки депутатты камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук соту чечим чыгарып, адвокаттар шаардык сотко даттанган эле.

Зулпукаров менен Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында. Депутаттардын тарапкерлери үй камагына чыгаруу талабы менен улам нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү дагы таратышкан.

Асылбек Жээнбеков - мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы. Төрөбай Зулпукаров да экс-президентти колдогон саясатчылардын бири катары белгилүү. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG