Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:10

"Кыргыз-тажик чек арасы кырдаалга жараша ачылат"


Марат Иманкулов.

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 25 бөлүмдөн турган биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Анда чек араны тактоо маселесинен баштап бардык кызматташтык жөнүндө макулдашуу камтылган. Макулдашуудагы чек ара, суу, аткезчилик, товар жүгүртүү сыяктуу орчундуу бөлүмдөрдүн аткарылышы жөнүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен маектештик.

- Дүйшөмбүдө эки лидер макулдашкан документте “достукту жана ынак коңшулукту сактоо үчүн эки өлкө ортосунда мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү” зарыл деп белгиленди. Бирок иш жүзүндө эки мамлекеттин чек арасы жабык турат. Аба аркылуу, кара жол менен каттоого чектөө киргизилген. Ушундай шартта ынак коңшулук тууралуу кантип сөз кылса болот?

- Чек аралардын жабылышы убактылуу гана болгон. Май айында Министрлер кабинетинин чечими менен жабылган. Анткени, жаңжалдан кийин ар кандай күчтөр кирип кетпесин, чыр күчөбөсүн деген максат болгон. Ошол кырдаалга жараша чечим кабыл алынган. Бул убактылуу гана чектөөлөр. Маселе бардык жаңжалдарга жол берилбегендей чечилгенде, чектөөлөр алынат. Тажикстан тарап дагы чектөө киргизген. Бирок маселе чечилет.

- Чек арадагы аткезчилик чоң маселе. Чек арадагы чырга түрткү болгон бир себеп да ушуга байланыштуу экени айтылат. Аткезчиликтин кесепети менен эмес, аны токтотуунун аракетин көрсө болобу?

- Чек арадагы чектөөлөрдөн кийин аткезчилик токтогондой болду. Бирок айрым товарларды алып кирип кеткендер болуп атат. Эми чек арада жашаган эки эл бири-бири менен соодалашып көнүп калган. Соода-сатык азыр дагы, кийин дагы болот. Чектөөлөр кыйынчылыктарды алып келди. Чек арадагы кырдаалды жөнгө салып, мамилелерге жолтоо боло турган факторлор жоюлгандан кийин чектөөлөр алынат.

- Сөзүңүзгө аралжы, аткезчиликти жоюуда биргелешкен план жөнүндө сурап жатам.

- Товар өткөн жерде ачыктыкты камсыз кылышыбыз керек. Тажикстан биз аркылуу Орусияга, Казакстанга чыгат. Чоң-Алай аркылуу Кытай менен байланышат. Алар биздин аймак аркылуу көп товар жүгүртөт. Ошонун баарын ачыктыкка алып келген гана саясат менен иш жүргүзөбүз. Аткезчилик Кыргызстанга эле эмес, Тажикстанга да залакасын тийгизип жаткан фактор. Казынага түшө турган акчаны эки жактын тең шылуундары алып жатпайбы.

- Азыркы кургакчылык, суу маселеси регионалдык көйгөйгө айланды. Документте суу ресурстарын пайдалануу да өзүнчө пункт болуп белгилениптир. Ушул тапта эки өлкө ортосунда 1981-жылы кол коюлган келишим иштейт экен. Эмне үчүн бул келишим учурдун талабына ылайык жаңылана элек?

- Ошону жаңырта турган мезгил келди окшойт. Биз буга чейинки келишимди эч бузган жокпуз. “Башкы” (Головной) суу бөлүштүрүүчү жайда жаңжал учурунда бузулган жерлери болгон экен. Аны Кыргызстан оңдоп жатат. Биз суунун башында турабыз, “бизге көп, силерге аз” деген бөлүштүрүү болбойт. Баарын келишимдин негизинде пайдаланабыз. Анткени, суу маселеси орчундуу болуп турат. Миң жылдардан бери чогуу пайдаланып келгенбиз да. Эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алган келишим түзүп, чыр-чатаксыз пайдалансак болот. Мисалы, биздеги суу сактагычтагы суунун жарымынан көбү тажик тарапка кетет. Анткени, алар ылдыйда жайгашкан. Түзүлгөн келишимден чыкпай, суу маселесине өтө этият мамиле кылышыбыз керек. Тажикстандан дагы ушуну талап кылабыз. Анткени, алар суу башында турган жерлерде бизге суу жетпей калган учурлар болгон. Аны жергиликтүү бийлик сүйлөшүп чечип жатат. Маселен, Орто Токой суу сактагычын казактар менен сүйлөшүп чечип алганбыз.

- Эки өлкө лидеринин макулдашуусунда этникалык кыргыздар, тажиктердин укугун коргоо да белгилениптир. Тажикстандагы Жерге-Талдагы кыргыз тектүү тажик жарандарынын маселеси бар, айрымдары чек арадагы чыңалуудан кийин кысымга кабылганын айтып чыгышкан. Төрт кыргыз жараны Тажикстанда кармалып турат. Бул маселе эмне болот?

- Бардык маселе сүйлөшүү жолу менен чечилип жатат. Андай фактылар болгон. Ал боюнча позициябызды айтканбыз. Тышкы иштер министрлиги, биз дагы барганда айтып жатабыз. Бул маселени мыйзамдуу жол менен чечели деп. Анткени, биздин жарандыкты алгандар Жерге-Тал, Мургабда бар. Анан жүк ташуу боюнча, жаңжал учурунда ал жакта калып калган машинелер бар экен. Бизде калып калгандары болду. Азыр мамлекеттик органдар биргелешип иштеп жатышат. Мурдагыдай соода жүгүртүүнү калыбына келтиребиз.

Чек ара: Аркадагы азыркы турмуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

- Эки өлкөнүн келишим, макулдашуулары кагаз түрүндө гана калбайбы? Ушул кырдаалда анын аткарылышы канчалык реалдуу?

- Биз кагаз жүзүндө калбастан аткарылышына аракет кылып жатабыз. Дагы бир жолу кайталайм, бардык чектөөлөр убактылуу. Бардык факторлорду жоюп, анан ачабыз (чек араны- ред.). Мындай абалдын Тажикстанга, Кыргызстанга дагы кереги жок. Муну биз да, алар да түшүнүп турат. Президент Садыр Жапаровдун барганынын себеби - ошол көйгөйлөрдү чечүү. Азыр "эмнеге барат?" деген сындар айтылып жатат. Эмнеге барбаш керек? Барбаса көйгөйлөр чечилеби? Президент "мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн барам" деп айтып жатат. Сындан коркуп отура берсе, маселе чечилбейт. Тажикстан бизге душман эмес, биз аларга душман эмеспиз. Көйгөйлөр болуп жатат, аны чечели деген аракет жемишин берет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG