Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Жапаров: Кыргыз-тажик алакасында ишенимди калыбына келтирүү керек


Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстан жана Тажикстанга расмий сапар жасады. Анын жүрүшүндө Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Президент баштаган делегациянын курамында аталган сүйлөшүүлөргө катышкан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров сапардын экономикалык өңүтү тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Акылбек мырза, алгач президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапары жөнүндө сурагым келип жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ишке ашкан президент Жапаровдун Дүйшөмбүгө алгачкы сапары кандай жыйынтыкталды? Эмне маанилүү чечимдер кабыл алынды?

- Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу тиешелүү мекемелер маалымат берет. Тактап айтканда, Тышкы иштер министрлиги жакынкы мезгилде коомчулукка кеңири маалымат таратмакчы. Менин азыр кандайдыр бир баа берип, маалымат айтканым туура эмес болуп калат...

- Албетте, президенттин Тажикстанга сапарында коопсуздук, чек ара, саясий кызматташтык боюнча эмне сөз болгону коомчулукту кызыктырып жатат. Ал тууралуу тиешелүү мекемелер маалымат берет чыгаар. Бирок сиздин компетенцияңызга караштуу соода-экономикалык байланыш, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын ачылышы же сооданы жанданттуу боюнча чечим кабыл алындыбы?

- Мен расмий сүйлөшүүлөргө катыштым. Азыр эки элдин ортосунда достукту, өз ара ишенимди калыбына келтирүү маанилүү болуп турат. Бул жаатта президентибиздин сунушу кабыл алынды. Азыр эки тараптын аксакалдарын чогултуп, биргеликте иш алып баруу керек. Азыр ишенимди жаратып, чагымга алдырбоо маанилүү. Ушул этаптан өтүп алсак, соода-сатык өзү менен өзү алдыга жылат деп турабыз.

- Демек, бул сапардын жыйынтыгы менен чек аралар ачылбайт?

- Ал боюнча Тышкы иштер министрлигинин маалыматынан уга аласыздар. Эки тарапка тең керектүү нерселер болсо эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиясы бат-бат чогулуп, керек болсо үзгүлтүксүз иштеп, айтылган маселелерди чечебиз деген түшүнүккө келишти. Эки президент тең, расмий делегациянын мүчөлөрү ошондой позицияны колдоп, кайра кайтып келе жатабыз.

- Кыргыз президенти Тажикстандын алдында Түркмөнстанга да сапар менен барып кайтты. Анын жүрүшүндө учурда Кыргызстан үчүн курч турган энергетикалык көйгөйлөрдү жеңилдетчү газ маселеси көтөрүлгөнү айтылды. Ушул жаатта конкреттүү эмне жыйынтыкка жетиштиңиздер?

- Чынында эле бул жаатта Кыргызстан көтөргөн маселелердин баарын чечүүгө түркмөн президенти убада берди. Делегациянын курамында барган энергетика министринин орун басары Ашхабадда калган. Газ боюнча да, электр энергиясы боюнча да биз тараптын суранычын чечүү боюнча иштейт.

Бул жаатта иш бир топ илгерилеп жатат. Өзбекстан менен да биз жакшы карым-катнашты түзүп алганбыз. Ошондуктан, электр энергиясынын транзити боюнча маселе болбойт деп ойлойм.

Буюрса, суу жетишпей, кышындагы электр энергиясынын дефицити боюнча көйгөйлөр бир аз жеңилдейт деп үмүттөнүп турабыз. Мени сүйүндүргөн нерсе, Түркмөнстан 100 миллион доллар кошуп, Кыргыз-түркмөн Өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим кабыл алынды. Жылдын аягына чейин бул фонд түзүлүп, иштеп баштайт.

- Сиз газ боюнча айтып өтпөдүңүзбү, ал кандай формада ишке ашат? Газ Түркмөнстандан сатып алынабы же транзит аркылуу келеби? Баасы кандай болот?

- Анын баарын биздин энергетика министринин орун басары Ашхабадда калып, сүйлөшүп жатат. Келишимдерин, механизмдерин аныктап жатат. Бизге ыңгайлуу болсо алабыз. Мунун баарын рыноктук мыйзамдар жөнгө салат. Баа келишип, транзиттин маселелери чечилсе бат эле ишке ашат. Негизгиси чечим кабыл алынды. Билесиз, Түркмөнстанда президент кабыл алса, ал ишке ашат. Саясий чечим болду, калганын өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде Энергетика министрлиги иштеп чыкмай болду.

- Түркмөнстан менен Өнүктүрүү фонду тууралуу айтып жатпайсызбы, мындай келишимдер президент көп эле өлкөгө барганда айтылып, бирок ишке ашпай калган учурлар да бар. Акыркы фонд кандайча жүзөгө ашат?

- Бүгүнкү күндө Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду жакшынакай эле иштеп жатат. Жакында Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү фонду ишке киргени жатат. Менин пикиримде, бул абдан жакшы инструмент болот. Финансы министрлиги тарабынан өкмөттүн кепилдиги жок, бирок эки тараптын кызыгуусун жараткан бардык долбоорлорду тез колдоого алат. Анын жалпы көлөмү 200 миллион болот.

Ал эми кыргыз-түркмөн фонду 100 миллион долларды түзүп, соода-сатыкты өнүктүрүүгө абдан түрткү берет. Мени сүйүндүргөн дагы бир жагдай, президенттин сапарынын жүрүшүндө бизнес форум өтүп, эки өлкөнүн ишкерлери 20 миллион долларга келишим түзүштү. Аны колдоо иретинде түркмөн президенти жүк ташуучу учак уюштуруп берди.

Биз Тажикстанга барып сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келгенче келишимде көрсөтүлгөн товарларды алып аталган учак “Манас” аэропортуна конду. Азыр ишкерлер товарларды түшүрүп жатат. Мындан сырткары бизге эң жакынкы деңиз порту Бандер-Аббас (Иранда - ред.). Мына ошол порттон Ашхабад аркылуу Ошко чейин жүк ташуу боюнча буга чейинки маселелер чечилди. Буга чейин айрым түшүнбөстүктөр болгон экен, ошолор боюнча да чечимдер кабыл алына турган болду.

- Албетте, экономикалык байланыштарды чыңдоо жакшы. Бирок акыркы мезгилде Түркмөнстан өзү каржылык каатчылыкка кабылып, бир топ көйгөйлөргө тушукканы боюнча айтылып келет. Ушундай кырдаалда фонд түзүү, 100 миллион доллар бөлүү канчалык реалдуу?

- Эми алардын бюджети 8 миллиард доллардан ашык. Эки деңгээлдүү бюджети бар. Андан сырткары газ, мунайдан түшкөн каражаттары 40 миллиард долларга жакын деп келишет. Ушундай каражат менен 100 миллион долларды бөлүү кыйынчылык жаратпайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG