Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Балбай Алагушевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Балбай Алагушев. Архивдик сүрөт.
Балбай Алагушев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Эл артисти, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциплопедист, адабиятчы, жыйноочу, "Азаттык" радиосунда көп жыл эмгектенген Балбай Алагушевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Эл артисти узакка созулган оорудан улам 1-июлда 85 жашында дүйнө салган.

Балбай Алагушев 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Ал кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, Эл агартуунун отличниги, Журналисттер союзунун, Композиторлор союзунун, Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз радиосунун "Алтын казынасынын" уюштуруучусу, кыргыздын залкар ырчыларынын, комузчуларынын, кыл кыякчыларынын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын хорду түптөөгө салымын кошкон.

Алагушев “Кыргыз музыкасы" энциклопедиясынын жана башка алтымышка жакын китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөр аркылуу угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, эскерүүлөрдү, ыр-күүлөрдүн тарых-таржымалы тууралуу айтып берип турган. (MZh\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG