Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Балбай Алагушев тирүү энциклопедия болчу


Балбай Алагушев.
Балбай Алагушев.

Кыргыз музыкалык маданияты оор жоготууга учурады. Кыргызстандын Эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, "Азаттык" радиосунда көп жыл иштеп кеткен Балбай Алагушев 85 жашында дүйнө салды.

Балбай Алагушев 85 жылдык өмүрүндө эл-жерине опол тоодой кызмат кылды. Эл арасынан чыккан таланттар, көчмөн элдин ооздон оозго көчүп келген чыгармачылыгын жыйнап, улуттук маданияттын казынасын байытты.

Балбай Алагушев бийик маданияттын күйөрманы болгон. Тилдин бир канаты музыка экенин дайыма белгилеп келген. Акыркы жылдары мектептерде музыка сабагы жакшы окутулбай, музыка китептери чыкпай калганын бир нече жолу айткан.

"20 жылдан ашты. Ырдоо китеби чыкпайт, музыка китеби чыкпайт. Жумасына эки жолу сабак өтсө төрт саат үчүн мугалим барып иштебейт да. Муну айтып атып, жазып атып чарчадым. Ушуларды көрүп туруп кээде кыргыз болуп төрөлгөнүмө өкүнүп кетем. Күйүп-бышкан киши жок".

Төкмөлүк, манасчылык, ооз эки чыгармачылык нукура таланттарга берилген касиет экенин айтып, булардын баа-баркын түшүрбөөнү эске салган.

"Бүгүнкү күндө акын көп, манасчы көп болуп атат. Бул албетте жакшы дечи. Бирок ошол өнөрдүн баркын кетирбеш керек. Табият, кудай таалам талант бериш керек. Жаттап алып бакылдап-шакылдай берген болбойт. Кыргызбы, казакпы же өзбекпи салтуу музыкасы элдин жүзүн көрсөтөт. Биз азыр тил деп бакырып атабыз. Тилдин бир канаты - бул элдик музыка".

Мына ушундай инсандын бу жарыкты таштап кеткени маданият чөйрөсүндө жүргөн, Алагушевди жакындан тааныгандардын кабыргасын кайыштырып турган кези.

Роза Аманова.
Роза Аманова.

Кыргыз Эл артисти Роза Аманова коронавирус күчөп турганына байланыштуу кыргыз маданиятын туу туткан кишинин кыргыз элинин салт-санаасына ылайык акыркы сапарга узатылбай калганына кейиди.

"Кыргыз маданияты, өзгөчө музыкалык искусствосу оор жоготууга учурады. Балбай Алагушев тек гана элибиздин маданиятын агартуучулукка багыттаган эмгектердин эле үстүнөн иштебей, этно-музыка таануучулардын, музыканттардын башын кошуп, коомду музыкалык искусствого тарбиялагандардын башатында турду. Себеби, биз бала кезде “Ала-Тоо таңшыйт” деген ырлар жыйнагын кармабаган кыргыз болбосо керек. Кийин ал киши менен чыгармачылыктын арты менен таанышып, бирге иштештик. Ал кишинин илимий эмгектеринин өзөгүндө фактологиялык материалдар турарын түшүндүм. Азиз Салиевди дайыма көп айтаар эле. Мына ошол киши түзүп кеткен искусство сектору иштебей калганына аябай өкүнүп жүрчү. Бүгүнкү күндө УИАдагы А.А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институтунун алдындагы түзүлгөн Фольклор, салттуу музыкалык искусствонун тарыхы жана теориясы бөлүмү Балбай Алагушев агайдын берген насаатынын артында уюштурулган. Ал кишини мен түздөн-түз усататым деп эсептейм. Агайды акыркы сапарга узатып олтуруп, аттиң дейсиң. Кырк күн кошок кошуп, кадырын ырга тизип зыйнатын өткөрө албай калдык. Ошондой киши эле. Эмне деген эмгектер калды артында”.

Балбай Алагушев менен маек. "Санат" телеканалы даярдаган берүү

Ал эми Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев Алагушевге кыргыз музыкасынын легендасы, энциклопедиясы болчу деп баа берди.

Турдубек Чокиев.
Турдубек Чокиев.

"Энциклопедия болчу десем болот. Бул киши айылдагы музыканттарга чейин маалымат топточу. Төкмөлөр тууралуу, обончулар тууралуу жазган. "Ала Тоо таңшыйт" деген жыйнакты жыл сайын чыгарып турчу. Кийинки муундарга 60тан ашык китепти жазып калтырды. Таң калганым, бир жолу бир берүү жасаган экен. Ошондо 50 жыл мурдагы тасманы угузуп атат. Артык Мырзабаевден кыргыз радиосуна жаңы киргенде интервью алган экен. Ал маек кыргыз радиосунда сакталбай калган болушу мүмкүн, бирок бул кишинин үйүндө сакталып калган. Абдан көп материалдары бар эле. Эми архиви эмне болот, балким туугандары менен сүйлөшүп мамлекет өзүнө өткөрүп алганга аракет кылса керек".

“Улуу баян” коомдук фондунун директору Бакыт Романов Балбай Алагушевдин бул жарык менен коштошкону кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.

«Балбай агай өзүнчө энциклопедия эле. Музыка дүйнөсүндө бул киши билген маалыматтар өзгөчө баалуу. Биз агай менен Карамолдо атабыздын 130 жылдыгына карата өткөн мааракенин алдында чогуу иштешип калдык. Балбай агай Карамолдо Орозов тууралуу китептерди жазды. Мен демөөрчүлүк кылып, элге тартуулган элек. Бул киши менен сүйлөшүп олтурсаң, кыргыз фольклору тууралуу абдан салмактуу сүйлөйт эле. Айткан маалыматтары, окуялары буга чейин эч жерде айтылбаган маалыматтар эле. Бул кыргыз маданияты үчүн өтө оор жоготуу болду. Азыр музыка, фольклор жыйнап, изилдеген кишилер өтө аз. Ал киши өмүр бою ушунун артынан жүрүп, эч нерсеге кызыккан жок. Мен абдан кайгырдым, мындай кишилер бизде өтө саналуу эле".

Балбай Алагушев тууралуу Коомдук телеканал даярдаган берүү

Алтын фондду түзгөн мээнеткеч агай тууралуу

Балбай Алагушев 1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөр аркылуу угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, эскерүүлөрдү, ыр-күүлөрдүн тарых-таржымалы тууралуу айтып берип турган.

Энциклопедист

Балбай аганын бу жалганды таштап кеткенин соцжеледен окуп кайгырып отурам. Ал киши кыргыз музыкасынын тирүү энциклопедиясы эле, айрыкча күү жанрынын тарых-таржымалын мыкты билчү. Өмүр бою жыйнап, чоглутуп келген илимий казынасы соңунда “Кыргыз музыкасы” деген энциклопедиялык эмгек менен жыйынтыкталган. Балбай аганын өзүн көрө электе мектепте “Музыкалык сабат” деген окуулугу колго тийип андан нота деген эмне экенин чала моңол билип, музыкалык түшүнүк алганбыз.

Кийин ал кишини Кыргыз илимдер академиясынын философия жана укук институтунда көрүп жүрдүм.

Балбай ага менен жакындан таанышып, мамыр-жумур мамилебиз “Азаттык” радиосунда башталды. Ал киши кыргыз музыкасы тууралуу керемет берүүлөрдү жасады. Мээнеткеч кишиге айла жок экен, ошол берүүлөрүнүн бир тобун кийин көлөмдүү эки китепке топтоп чыгарды. Учурунда кыргыз радиосунда иштеп, ал жерде музыкалык “Алтын корду” баштап, кыргыздын эчен залкарларынын үнүн, чыгармаларын жазып калтырган.

Балбай Алагушев тууралуу тасма. 2017-жыл

Алтын кор

Бу өнөр таануучулук пенде баласынын музыкалык шык-жөндөмүнүн жагдай-шартка жараша ачыкка чыгышы окшобойбу. Болбосо алгач филологиялык билим алып, гезит-журналдарда, басмада иштеп, андан радиого өтүп, ал жерден эчен таланттар менен сүйлөшүп, маек куруп, мезгил деген аёо билбес күч алдында кете берчү кайрандардын өнөрүн көзүнүн тирүүсүндө жаздырып, аны алтын корго киргизип, кийинки муунга калтырып кетиштин өзү эмне деген эрдик? Балбай ага бул ишке кандайча аралашып калганын “Обон” гезитине 2011-жылдын сентябрында берген маегинде минтип эскерген экен:

"Тагдыр ушундай экен, окууну бүтүп атканда 1959-жылдын 1-январынан дипломдук ишти жазууга каникулга тарадык. Ошол учурда менин биринчи макалам чыккан «Кыргызстан пионери» газетасында иштеп калдым. Ал жерде 1960-жылдын 15-августуна чейин иштедим. Анан чакырык боюнча Кыргыз радио комитетине барып, музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп калдым. Ошол күндөн музыкага мурдагыдан да кызыгып, атактуу шайырлардын баарын чакырып, күүлөрүн тасмага жаздыра баштадым. Кыргыз радиосунун алдындагы Алтын фондуну биринчи жолу мен баштадым. Ыбрай Тумановдун, Муса Баетовдун, Шекербек Шеркуловдун, Асылбек Эшмамбетовдун күүлөрүн жаздырдым.Башкы редакторубуз Асылкан Бөрүбаев комуз черткен, музыкага жакын киши экен. Ага: «Жаңы жыл кирип келди, агай, «Эл шайырлары микрофондо» деген берүү уюштурайынбы?» десем макул болду. Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Алымкул Үсөнбаев, Ыбырай Туманов, Саид Бекмуратов, Эркесары Бекназаров, Асылбек Эшманбетовду студияга чакырдым. Райкан Шүкүрбеков экөөбүз алып бардык. Мен кийин Алтын фондго калтырдым, грампластинка чыгардым. Кийин СДге көчүрүп койдум. Өчпөй турган от, өлбөй турган адам жок деп Кыргыз радиосунда жүргөндө 100 сааттан ашык берүү даярдадым".

Балбай Алагушев тууралуу замандаштарынын эскерүүсү

“Азаттыкта”

Балбай ага кыргыз музыкасынын тарыхын мыкты билери жазган макалаларынан көрүнүп турчу. Өмүрүн жалаң кыргыз музыкасына арнап, элдик музыканын, айрыкча күү өнөрү тууралуу мыскалдап жыйнаган материалдары көп болчу. Алардын баарын болбосо да бир тобун “Азаттыктын” угармандарына жеткирди, бирок да айтылуу үналгынын чектелүү убакты-саатына кенен, узак айтчу маалыматын сыйдыра албай калганына нааразы болуп, антсе да кыргыздын элдик музыкасынан тарта классикалык формаларына дейре көпчүлүк элге эркин жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкенине ыраазы болчу.

“Азаттыкта” Балбай ага менен чогуу иштешип калган учурда ал кишинин кыргыздын залкалары менен чогуу жүргөн учурларын, кызыктуу окуяларын айтып берчү. ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин кандай киши болгонун, кайран залкарлардын жөнөкөйлүгүн, кийинки муунга калсын деп убакты-саатына карабай студияга келип чыгармаларын жаздыртып кетишкенин, дегеле оор заманда жашаган улуулар жөнөкөй, адамгерчиликтүү болушканын кызыктуу кеп кылып айтып берчү.

“Азаттыкта” негизи жайыл дасторкон болуп отуруп, узак сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү деле жок эле. Бирок, Балбай Алагушов, Көчкөн Сактанов, Санарбек Карымшаков сындуу улуу муун кесиптештерибиз келип калганда кээде кенен-чонон суйлөшүп калчубуз. Балбай ага күү өнөрүнүн устаттарынын эмгегин элине сактап бергени үчүн Көлдүн күңгөйүндөгү Корумду айылынан чыккан күү атасы Карамолдонун туугандары ага атайын жер бөлүп беришип, ал жерге үй салганын, жайында ошол жерге барып иштеп келерин айтчу. Кесиптештерин барып улуу таланттын өмүрү өткөн жерди көрүп, эс алып кетүүгө чакырчу. Колду байлаган жумуш деп жүрүп Балбай ага жакшы көргөн айылга бара албадык. Ал киши өзү деле ал жерге сейрек каттады окшойт. Бишкектин түштүк-чыгыш жагындагы бийик дөбөнүн боорундагы дачасына деле аз каттачу.

Балбай ага убакты-саатынын кыйласын эмгек жаратуу абыгерчилигинде жүрүп өткөрдү. Бир ирет кайсы бир обондун текстинин авторун такташ үчүн кыйла убактысы кеткенин, көп кишилерден сураштырып, китепканада отуруп, туугандарынан, билгендерден сурап кыйла жылдан кийин тапканын айтып берди эле. Кайсы чыгарма качан жаралганы, анын тарых-таржымалы кандай болгонун Балбай ага мыкты билчү.

Мээнеткеч

Кагаздан баш көтөрбөй убакты-саатынын кыйласын текст жаратуу менен менен өткөргөн мээнеткеч Балбай баш-аягы алтымышка жакын китептерди жаратыптыр. Алардын баары кыргыз музыкасына арналган. Бүтүндөй бир институт аткарчу ишти ал өзү жалгыз эле өтөлүнө чыгып, анысын анчалык деле шардана кылбай, бу сыйкырдуу өнөрдүн татаал сырларын ачып берүү аракетинде жүрдү. Башкасын айтпаганда да Балбай аганын “Өмүрүмдүн барактарынан” деген төрт томдугу, “Кыргыз музыкасы” энциклопедиясы эмне деген эмгектер! Ал эми ага чейинки андан кийин чыккан ондогон китептеричи! Булардын баарында улуттук баалуу өнөрдүн кылым карыткан тарыхы жатат го. Ушу тапта унут болуп бараткан социализм заманында канатын кенен жайган кыргыз музыкасынын ренессансын Балбай ага башында турган көркөм өнөр таануучулар ачып беришпедиби.

Музыканын мазмундук, формалык жактан өнүгүп, өркүндөшү, комуздан симфонияга чейинки карама-каршылыктуу жолду басып өтүшү мына ушундай мээнеткеч адамдардын аракети аркылуу аңдалып, сыпатталды. Балбай ага табият берешендик менен берген жөндөм-шыгын кызылдай мээнетке ширелтип артына опол тоо эмгектерди калтырды, ири илимий жамаат ишке ашырчу энциклопедияны түзүп, кыргыз музыкасынын өткөнү менен бүгүнкүсүн, жетишкендиктери менен мүчүлүштүктөрүн так, таамай сүрөттөп берди

Балбай Алагушев “Кыргыз музыкасы" энциклопедиясынын жана башка алтымышка жакын китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Сөөгү 2-июлда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG