Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 05:30

КАЛЫК – АЛТЫН ЖААК, ЖЕЗ ТАҢДАЙ АКЫН ЭЛЕ


Акындыкка келгенде Кызыл тилди сабайсың. Кызып ырдап отурсаң Кыш куйгандай жамайсы – деп төкмө Осмонкул ырдаган Калык Акыев ыр берметтерин нөшөрлөтө төккөн алтын жаак, жез таңдай акын, баатырдык “Курманбек” баштаган “Жаныш-Байыш”, “Карач дөө”, “Акмөөр”, ж.б. дастандарды айткан залкар айтуучу, комуздун кылына жан киргизе черткен чыгаан чертмекчи, куйкумдуу ырлары, сөздөрү менен бооруңду эзген куудул, бир эле мезгилде кыл кыякты боздото тарткан кыл кыякчы, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин музыканты болгон.

Калык айылына таанымал жыгач устанын үй-бүлөсүндө төрөлөт. Ата-энеден эрте айрылат. Болочоктогу жаш шайыр боорун жерден көтөргөндөн бирөөгө жемин жедирбеген, кепти бетке айткан, тыкылдаган тың, чыйрак, ырга оозу эптүү, тили жүгүрүк өсөт. Ата-энеден эрте айрылып, үстүнө үйрүп салар кийиминин жоктугунан айылдагылар Калык деп өз атынан эмес, “Акы устанын жылаңач баласы” дешип чакырышат.

“Жетим жетилип” дегендей, Калыктын Токтогулга жолуккан күндөн акындык, комузчулук, айтуучулук шыгы жалбыртай жанат. Калык Токтогул менен бирге жүрүп, жалтанбай топко кирип, “Эшмамбет менен ээрчишип ырдап, Жаңыбайга жанашып, Курман ырчыны кууп ырдап, Жолой ырчы жолобой, жолун киши торобой, “оңой эмесмин” деп жүргөн кезинде манап Байгазыны кордоп ырдап он эки ай түрмөгө кесилеринде Жумгалга качып кетет. Бирок, Калык “Кетментөбөдөн кесилдим. Жумгалдан эзилдим” – деп, туулуп өскөн жерине кара жанын батыра албай айласы кетет. Акыры ал эмне болсо ошо болсун, Током көргөндү көрөйүн, өлсөм Током менен бир көрдө, тирүү болсом бир дөңдө бирге болоюн – деп, Токтогулга келет. Тоо булбулу Токтогулга арнап “Токтогулга” аттуу ырын чыгарат.

Бир жолку жолугушууда чыгармачылыгынын төрт тарабы төп келген залкар акын Калык жөнүндө эл ырчы Эстебес Турсуналиев минтип айткан эле:

- Калык аксакал өтө жөнөкөй эле. Калык Токтосун Тыныбековду 1946-жылы филармонияга алып келди. Токтосун Калыктын үйүндө жүрдү. Токтосун а кишиде катчы болуп ырларын кагазга жазып түшүрүп жүрдү. Шайырлар филармонияга келгенде ар кандай иштерди кылышат. Калык болсо баш көтөрбөй эле ыр жазат. Эми тамаша кылып жүрбөйбү. Сайид Бекмуратов Какеме барып мага бир ыр жазып берсе, Какем “Победа” деген машина жөнүндө
Ташка салса тагылбаган туягың
Учкан куштай бара жаткан сыягың – деген сыяктуу куплеттерди жазып берет. Сайидди Райкан ырдатып көрүп “Ташка салса тайгылбаган туягың” деген саптары обонго түшпөй өзүнчө бөлүнүп турат десе, Сайид анда ырдабайм. Калык аксакалдан башка ыр алам – деди. Сайид акеге Какем “Гүлсананын ыры” деген ырды берип коюптур. Бир жолку концертте Сайид аке:

Мен эмгекчи кызымын,
Эмгектин билем кызыгын,
Толук жайдын күнүндө.
Тоготпойм күндүн ысыгын – деп ырдап атса бир киши: - мурутуң балтайган кара кыз тура – деп, койсо, Сайид үйгө кирип келип: - Осоке, Калык аке жаман киши экен. Мага кыз ырдай турган ырды жазып бериптир. Сайид аке, ага маани бербептир. Какемдин ырларына Ж.Шералиев, Б.Эгинчиевдер обон чыгарышчу. Кыздар ырдашчу. Какемдин “Баскан жол” деген китебин дайым окуп ыракат алам. Какемдин “Акишим” деген ырын мен “Андалектин” обонуна салып ырдап калдым. Какемдин бир күйгөн “Татына” деген ыры бар эле. Ы.Борончиев, А.Бердибаев да, мен да ырдап жүрдүм, -
деп эскере, анан Эстекем (Эстебес) Калыктын “Татына” аттуу ырынан үзүндү аткарып берген эле:

Керелди кечке сүйлөшүп,
Кеч болбой минсем атыма,
Кейит экен жүрөгүм,
Келтирип жазган катыңа,
Кейибей кантип чыдайын,
Келиндин тили Татына
Оозуңда да Татына,
Кара кемсел кайырма
Көкүшүмдөн айырба,
Айырба, айырба деп
Бурулду минип бурчутуп,
Бурчута чаңын ыргытып,
Балким бирөө көрөт деп,
Бастырып барсам жылжытып
Ошондо жигит келди деп,
Келгендикти белгилеп,
Түшкүн жигит түшкүн деп,
Түшүп суусун ичкин деп,
Көңүлүм сергип бир паста,
Көптөн бери күттүм деп,
Терезеден ай тийип,
Көрө албай көзүм тунарып,
Өзү салган төшөктөн,
Мен бара салсам кубанып,
Ошондо жатсаң кубанып,
Дагы эле жатсам кубанып,
Сен жанымда турсаң буралып.


Балбай Алагушев, Бишкек
XS
SM
MD
LG