Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 04:52

АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ - КЫРГЫЗ ОПЕРАСЫНЫН БАШТООЧУСУ


Залкар композитор Абдылас Малдыбаев кыргыздын кесиптик музыкасынын: ыр, хор, романс, кантата, симфония, оратория ж.б. жанрлардын негиз салуучусу гана эмес, профессионалдык музыкадагы өтө татаал опера жанрынын да баштоочусу болгон.

Абдылас Малдыбаев өзүнүн алгачкы чыгармачылыгын опера жазуудан мурда композиторлор П.Шубин, Д.Ковалев, В.Власов, В.Фере менен биргелешип “Ажал ордуна” музыкалуу драмасынын үч вариантына музыка жазат. А. Малдыбаевдин музыкалуу драмаларды, операларды, кантата, ораторияларды, симфониялык чыгармаларды жазышына москвалык композиторлор Владимир Власов, Владимир Фере менен таанышып калышы, биргелешип иштеши бирден бир себепчи болот. Абдылас эки композитор менен 1936-жылдан 1978-жылга чейин "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып", бир музыкалуу драманы, 6 операны жазат.

А. Малдыбаевдин В. Власов, В. Фере менен биргелешип жазган алгачкы көлөмдүү чыгармасы кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө арналган Ж.Турсунбековдун “Ажал ордуна” аттуу пьесасына жазган музыкалуу драмасы эле. Ал эми 1939-жылы Абдылас В.Власов, В.Фере менен акындар Ж.Бөкөнбаевдин, К.Маликовдун, Ж.Турусбековдун либереттосуна кыргыздын тунгуч эпикалык-баатырдык операсы “Айчүрөктү” жазат. Операнын окуясынын өзөгүнө “Манас” эпосунун “Семетей” бөлүмүндөгү окуя алынган. Ошондуктан “Айчүрөктө” кыргыздардын байыркы турмушу, эркиндик үчүн болгон күрөшү баяндалат.

Опера негиздүү эки темасы бар көлөмдүү увертюра менен ачылат. Ал башкы каармандар Семетей менен Айчүрөктүн лейтмативдери композиторлор операнын музыкасын жазууда “Манастын” обону баштаган элдик обондорду, күүлөрдү кеңири пайдаланышат.

Залкар, шайыр А. Малдыбаев “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын, “Айчүрөк” операсын жазуу менен өз элинин тагдыры үчүн күрөшкөн, калкты турмуштун тар жолунан, тайгак кечүүсүнөн алып өткөн, көптү билген, көптү көргөн акылман Бектурдун, “Айчүрөктөгү” эр Семетейдин колуна кол, бутуна бут болгон жүрөгүндө карасы жок баатыр чоросу Күлчоронун образын ушунчалык эргүү, өткөрө берилүү менен турмушта жашап жаткандай чеберчиликте сахнага алып чыгат.

А. Малдыбаев жумурай-журттун сүймөнчүлүгүнө алынган “Айчүрөктөн” кийин композиторлор Власов, Фере менен биргелешип “Элин сүйгөндөр” (патриоттор) “Манас”, “Токтогул”, “Көл боюнда” аттуу операларды жазат. Ар кыл маңыздагы опералардын музыкаларын жазууда композитор калемдеш достору Власов, Фере менен адаттагыдай элдик обондордун, күүлөрдүн берметтерине кайрылат. Аларды угуучу-көрүүчүлөргө жеткендей көркөм чеберчиликте пайдаланышат.

Абыкем жогоруда аталган опералардын баш каармандарында өзү опералык ырчы, актер катары сахнага алып чыгып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн курсант кылат. Айрыкча Малдыбаевдин туубаса аткаруучулук чеберчилиги “Көл боюндагы” Асандын, “Токтогулдагы” Керимбайдын, “Манастагы” эр Сыргактын образдарында таасын көрүнөт. Абыкем өзү жазган опералардагы ролдорду ойноо менен бирге П.Чайковскийдин “Евгений Онегининен” Ленскийдин, М.Раухвердин “Көкүлүнөн” Көкүлдүн, А.Аманбаев менен С.Германовдун “Айдар менен Айшасынан” Телтайдын партияларын көрүүчүлөр күткөндөй деңгээлде сахнага алып чыгат.

Абыкемдин үй-бүлөгө, балдарына болгон мамилеси жөнүндө залкар шайырдын балдарынын эң кенжеси, эркеси, 40 жашында көргөн кызы, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Жылдыз Малдыбаева атасы тууралуу минтип эскерет:

- Эми мен элестетип көрсөм атам үй-бүлөсүнөн, бала-бакырасынан башка өзүнүн кесиби музыканы гана билген, ошону менен гана жашаган адам экен. Атам күндүр-түндүр музыка менен жашаса да анын баскан-турганы, мүнөзү бизге чоң сабак эле. Ал бизди мындай бол, тигиндей жүр деп айтчу эмес. Атам бизге өзүнүн мүнөзү менен гана тарбия берген асыл киши эле.

Балбай Алагушев, Бишкек
XS
SM
MD
LG