Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

МУРАТААЛЫ - УЛУУ КЫЛ КЫЯКЧЫ


Комуз менен кыякка, Ак бөкөндөй жойлодум Эч бир күүсүн койбодум – деп, Муратаалы өзү ырдагандай эр жеткенден атасы Күрөңкөйдүн жолун жолдоп, өнөрүн улап, комузду таңшыта чертип, кыл кыякты уккандар тамшана уккандай боздото тартып, жумурай журтка ар тараптуу шыкка бай залкар шайыр катары таанылат. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Муратаалы кыргыз элиндеги атак-даңкы таш жарган атактуу кыл кыякчылардын баштоочуларынын, негиз салуучуларынын биринен болгон.

Абалтан добушу адамдын речтик интонациясы менен үндөшкөн кыл кыякты Муратаалы “кудум адам сүйлөп” жаткандай устаттыкта тарткан. Ал күүлөрүндө адамдардын ар кандай турмуштарын, согуштагы жүрүштөрүн, көпчүлүк катышкан салтанаттарды, табийгаттын сулуулугун сүрөттөгөн күүлөрдү тарткан. Ошону менен бирге ал түркүн курактагы адамдардын жан жаныбарлардын, айбанаттардын үндөрү менен түркүн кыймылдарын туураган ондогон күүлөрдү да чыгарган. Автор “Ат кетти” аттуу күүсүндө чабылуучу күлүктөрдүн эл алдынан, саяпкерлердин сындарынан өтүп, алардын айдалганын жана жар чакырган акындардын “Ат кетти эле, ат кетти” деген үндөрүн бир нече жолу кайталаган.

Улуу кыл кыякчынын шакирти Сайид Бекмуратов устатынын “Ак токту” аттуу күүсүн жаштарга кандайча таржымалдап үйрөтүп жүргөнү жөнүндө мага 1962-жылы айтып берген эле.

Муратаалынын угуучулар арасында терең кадырлоо менен аткарылып жүргөн күүсүнүн бири “Кер өзөн”. Автор бул күүсүндө Сары өзөн кең Чүйдүн күзгү бышыкчылык кезиндеги кооздугун, көрүнүшүн сүрөттөп тарткан.

Автордун бул классикалык күүсү комузда, темир ооз комузда, эл аспаптар оркестринин коштоосунда аткарылып, угуучуларга ырахат тартуулап келүүдө.

Залкар дирижер Асанкан Жумакматов Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри үчүн “Кер өзөндү” энеден кайра төрөлгөндөй көркөмдүктө иштеп чыкты. Ал азыркы күндө калктын сүйүктүү чыгармасына айланды. Узак жылдардан бери “Азаттык” радиосу берүүлөрүнүн жабылуусун “Кер өзөндүн” коштоосунда жаап, угармандарга асылдуулукту тартуулап келүүдө.

Балбай Алагушев, Бишкек
XS
SM
MD
LG