Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Кыргыз-тажик жаңжалында жабыркагандар салыктан бошотулду


Куралдуу жаңжалда үйүнөн ажыраган аял. Максат айылы. Лейлек району, Баткен облусу. 2-май, 2021-жыл.
Куралдуу жаңжалда үйүнөн ажыраган аял. Максат айылы. Лейлек району, Баткен облусу. 2-май, 2021-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда жабыркагандар жыл аягына чейин салыктан бошотулду. Экономика жана финансы министрлигинин токтомуна ылайык 28-апрелден 1-майга чейинки убакта чек арадагы куралдуу жаңжал өзгөчө абал окуяларына теңдештирилди. Министрлик жаңжалда жабыркаган жарандардын тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү 2021-жылдын 31-декабрына чейин салыктын бардык түрүнөн бошотууну сунуштаган.

Токтом долбооруна ылайык, бул жеңилдик акциз менен сатылуучу товарларга, мунай жана тоо-кен тармагында иштеген ишканаларга тиешеси жок.

Жабыркаган жарандар 1-октябрга чейин салык төлөөнү бир жылдан көп эмес убакытка узартуу жөнүндө арызды банк кепилдигисиз эле бере алышат. 1-октябрга чейин камсыздандыруу төлөмдөрүн узартып төлөө боюнча арыз менен салык кызматына кайрыла алышат. Ошондой эле, камсыздандыруу төлөмүн мөөнөтүндө төлөбөгөнү үчүн туумдар 1-апрелден 1-октябрга чейинки аралык үчүн алынбайт.

Бул жеңилдик кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган айылдардан тышкары жайгашкан ишканаларга жана алардын филиалдарына каралган эмес.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG