Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

УКМК депутат Жанарбек Акаевди суракка чакырды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 2-июлда Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул маалыматты эл өкүлү "Азаттыка" ырастап, чакырууну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жибергенин, бирок суракка Аскер прокуратурасына барышы керектигин айтышканын билдирди:

“Мага чакырууну УКМКдан жиберишкен. Мен учурда шаарда болбогонума байланыштуу, суракты 7-июлга жылдырышты. Азырынча кайсы иш боюнча чакырылып жатканымды ачык айтышкан жок. Кумтөр иши боюнча окшойт деп боолголоп турам”.

Кумтөр иши боюнча, тагыраагы 2017-жылы кабыл алынган “Суу кодекси” тууралуу мыйзам боюнча 1-июлда дагы бир депутат Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасында сурак берген. Ага чейин ушул эле иш боюнча “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да суралган.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалып, 29-июнда тил каттын негизинде бошотулган. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков дагы үй камагына чыккан.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG