Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берип баштады


Кыргызстан менен Орусиянын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Орусиянын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду июль айынын башынан тартып Кыргызстандагы бизнес долбоорлорду каржылоосун жандантты. Бул тууралуу аталган фонддун сайтында кабарланды.

Мекемеден билдиришкендей, мындай чечим Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков менен Орусия Федерациясынын Финансы министрлигинин орун басары, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун Кеңешинин төрагасы Тимур Максимовдун Москвадагы жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Акыркы маалыматтарга караганда бул аралыкта фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган.

Фонддун ишкерлерди каржылоосу 2020-жылдагы саясий окуялардан кийин токтоп калган эле. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл февралда Москва сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен ушул темага байланыштуу да сүйлөшкөнү айтылган.

Фонд кайрадан насыя бере баштай турганын Садыр Жапаров быйыл 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG