Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Пандемия учурунда Кыргызстанда 108 медицина кызматкери каза болду


Вирус аныктоочу лабораториянын кызматкери. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.
Вирус аныктоочу лабораториянын кызматкери. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

Коронавирус алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 108 медицина кызматкери илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Бүгүнкү күнгө чейин 33 маркумдун үй-бүлөсүнө гана мамлекет тарабынан убада кылынган 1 млн. сом кенемте берилген. Калгандары ала элек.

Маалым болгондой, 2020-жылы кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктуруп, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте берилерин убада кылган.

Быйыл 11-январда бул сумма өзгөрүп, 2,8 млн. сомго көтөрүлгөн. Маркумдун иш учурунда вирус жуктуруп, көз жумганын далилдөө үчүн анын жакындары тиешелүү документтерди чогултууга тийиш.

Пандемия башталгандан бери илдетке 5 505 медицина кызматкери чалдыккан. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 127 миң 880 кишиге жукту. Анын 111 миң 269у айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 2019 адам кайтыш болду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG