Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Камоолордун саясий жана укуктук өңүтү


Иллюстрациялык сүрөт

“Кумтөр маселеси” кайра күн тартибине коюлгандан бери Кыргызстандагы жоон топ саясатчы суракка чакырылып, коррупцияга айыпталып камалды. Коомчулукта муну бийликтин коррупцияга каршы аеосуз күрөш катары кубаттагандар да, бийликтин өз таасирин күчөтүү аракети катары сындагандар да болууда.

Коррупцияга байланыштуу май айынан берки камоолордун саясий жана укуктук өңүттөрүн “Азаттык” радиосу "Арай көз чарай" талкуулаганга аракет кылды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана саясат таануучу Чынара Эсенгул катышты.

“Азаттык”: “Кумтөр” ишканасынын ишмердигинин ар кайсы баскычтарында коррупциялык иштерге аралашкан деген шек менен камалышкан мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чараларын өзгөртүү өтүнүчтөрүн сот канааттандырган жок.

Кенжебек мырза, айтсаңыз, буга чейин ар кандай кайрылуулар аркылуу далилдөө аракетин кылып жаткандай, эгер, чын эле Бабановдун өзүндө күнөө жок болсо, сот эмне себептен камап, айып тагып жатат?

Кенжебек Бокоев: Биз бир сыйра юристтер менен иликтеп чыктык. Болгону эки чечим экен (Бабанов премьер кезинде кабыл алган -ред.): биринчиси, парламенттин токтомунун негизинде мамлекеттик комиссияны түзгөн. Экинчиси, саясий чечим менен Данияр Үсөновдун, Курманбек Бакиевдин убагында “Кумтөргө” мыйзамсыз берилип кеткен 16300 гектарды кайтарып алган. Ошол чечимди кабыл алгандан жыйырма күндөн кийин коалицияны бузуп (билесиңер Атамбаев Текебаев менден суранды деп айткан), муну кызматтан кетирген.

Ошого карабастан райондук сот да, шаардык сот да Бабановду камакта калтырып койду. Эмне себептен калтырганы белгисиз. Сот жабык өттү. Жогорку Кеңештин онго жакын депутаты барды. Аларды да киргизген жок.

Адвокат менен Бабановдун өзүнүн убактылуу кармоочу жайдан жазган катына караганда, ал мүмкүн 2012-жылдагы убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагына каршы добуш берүүгө депутаттарды үндөгөн деген мааниде айып тагылып атат.

“Азаттык”: Бир топ таасирдүү коомдук-саясий ишмерлер Бабановдун боштондугун сурап президентке кайрылып, тарапкерлери көчөгө чыгып жатышат. Буга чейин депутат Асылбек Жээнбековдун тарапкерлери да көчөгө чыкканы кабарланган. Ушул өңүттөн караганда, саясатчыларды жапырт камоолор коомдо нааразылыкты күчөтүп, кайрадан саясий туруксуздукка алып келбейби?

Алмазбек Акматалиев: Мунун таасири албетте тиет. Бирок, тынч митингдердин өтүп турганы - демократиянын белгиси. Башка нерсе – соттор президенттен дагы, аткаруу бийлигинен дагы, мыйзам чыгаруу бийлигинен дагы обочолонуп, өзүнчө бийликке айланышы керек. Бул жерде маселе бар.

Чынара Эсенгул: Саясий туруксуздукка алып келбейби деген кооптонуу албетте, бар. 30 жылдык эгемен тарыхыбызда мамлекетти, эгемендикти куруу жараяндарында Борбор Азиядагы кыйынчылыгы бар мамлекет катары өзгөчөлөнүп келатабыз. Анан саясатчылар эл менен ойноп атып, маданиятын туура эмес нукка салып коюшту. Саясий элита тескерисинче элдин маданиятын тарбиялаш керек эле да. Ошол болбой калган үчүн эми оңой менен оңолбойт. Оор болот.

“Азаттык”: Коомчулуктун сынчыл көз караштагы катмары азыркы бийлик элди оор экономикалык акыбалдан, чек ара кризисинен, пандемиялык кырдаалдан алаксытуу, таасирин күчөтүү максатында коррупцияга каршы чуулгандуу күрөш кампаниясын жүргүзүп жатат деген көз карашты тутунууда. Мындай сын-пикирлерде жүйө барбы?

Алмазбек Акматалиев: Менимче, “Кумтөр” элди алаксытуу темасы эмес, кандай кааласак да. Бул чоң тема. Бабанов, Жээнбеков, Зулпукаров - бараандуу саясатчылар. Ошолор отургузулгандан кийин кантип алаксытуу деп айтат элек?

Мен бул теманы дагы бир нуктан карайт элем. “Кумтөр” менен баары бир арбитраждык сотко барганы калдык. Ал жерде салык төлөбөгөнү, экологияны бузганы далилденди деп атышат. Эми үчүнчү тема бар. Ачык эле айталы, “Кумтөр” добуштардыбы, жакшы мамилениби, айтор саясатчыларга пара берип сатып алып келген. Азыр ошол тема далилденип калса, бизде эл аралык арбитраждык сотко барганда утканыбызга дагы бир чоң пайдубал түзүлүп калат эле. Мүмкүн ошол нук кетип аткандыр.

“Азаттык”: Азыр ондогон коомдук, саясий, мамлекеттик ишмерлер камакта, үй камагында. Жапырт камоолорго кандай баа берип жатасыздар? Бийлик коррупцияга каршы күрөштүн, тазалануунун туура жолунда баратабы?

Чынара Эсенгул: Аралаш процесс болуп жатат. Эл да ишенгиси келип атат. Элге тазалануу керек деген белги кетип атат. Таксисттер менен сүйлөшсөм да, Жапаров “Кумтөрдү” баштады эле аягына чыгаргысы келип атат деген ою бар. Тандалма мамиле да болуп атат. Албетте, саясат бар. Ички саясатта өздөрү жагына ойнотуп ийгенге бийлик мүмкүнчүлүктү колдонушу ыктымал. Ошол эле мезгилде “Кумтөрдүн” мисалында тышкы инвесторлордун алдында да коррупцияны тастыкташ керек болуп атат.

Кенжебек Бокоев: Акаевдин убагынан бери эле буйрутма камоолор болуп келген. Бүгүн деле арыла элекпиз. Текебаев, Жапаров, Исаев, Ташиев, Исаков, Кулов сыяктуу ондогон саясатчылар камалып, кайра акталып келатат. Азыр деле акталган саясатчыларды камаган тергөөчүлөр менен соттор камалган жок. Демек, жоопкерчилик, калыстык орногон жок да. Мыйзамсыз чечим чыгарган прокурор, сот, тергөөчү камалмайынча буйрутма токтобойт.

“Азаттык”: Жапырт камоо ыкмасы мыйзамды сактоо милдетин четке сүрүп салган жокпу? Укук коргоочулар камап алып, анан фактыны териштирип жатат деп бийликти сындап атышат. “Күнөөсүздүк презумпциясы” сакталып жатабы?

Кенжебек Бокоев: Караңыздарчы, Бабановдун баш коргоо чарасын караганда сот мамлекеттик сыр каралып аткансып, жабык карады. Анда сексенге жакын депутат кол койгон өтүнүчтү карабаптыр. Ошондо прокуратуранын өкүлү айтты дейт: “аны карабай эле койсок болот, парламенттин мөөнөтү өтүп кеткен, легитимсиз” деп.

Стенограммасын алып, ошол анык болсо парламентке чыгарам. Карасаңыз, 80 депутаттын добушу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү парламенттен өтүп референдумга чыкты, бүгүн да шайлоо мыйзамы баштаган конституциялык мыйзамдар кабыл алынып атат, ондогон мыйзамдар Конституцияга дал келтирилип, өткөнү турат.

Алмазбек Акматалиев: Негизи, депутаттарда советтик психология калып калгандай. Жогорку Кеңеш эч качан арачы кат жолдобош керек. Ал депутаттын функциясы эмес. Азыр эми Бабанов ошол 74 депутатты дагы бир жолу сатып алды деген сөз кетет.

“Азаттык” Белгилүү юрист Чолпон Жакупова интервьюсунда “мени башка жарандардын "туура кылат, бул бай, бизнесмен да, отургузушсун, кустурушсун" деген реакциясы чочулатууда. Сот, прокурорлор күч колдонууга көнүп алса, келечекте жөнөкөй жарандар камала баштайт” деди. Бүгүнкү жапырт камоо ыкмасынын эртеңки келечеги сиздерди чочулаткан жокпу?

Алмазбек Акматалиев: Карательный мамлекетке эч качан өтпөшүбүз керек. Бул - коркунучтуу, опурталдуу. Бирок, эмне үчүн эл колдоп атат? Биринчиден, бийликке ишеним кеткен. Бийликке баюу, уурдоо үчүн барат деген түшүнүк канга сиңип калган. Экинчиден, байларды жек көрөбүз. Себеби, өз эмгеги менен байыгандар жокко эсе, ири байлардын арасында.

Дүйнөлүк тажрыйбада ар бир өлкө эки баскычтан өткөн. Биринчиси, “отургузган”, “кустурган” репрессиялык баскыч, экинчиси, алдын алуу жолу аркылуу өзүн-өзү тазалоо. Кыргызстан биринчи баскычка жаңы кирип атабыз. Ошон үчүн буга таң калбаш керек. Саакашвили да ошенткен. Кытайда, Сингапурда ошондой болгон. Коррупцияга өтө батып кеткен өлкөлөр репрессиялык баскычты аттап өтө албайт.

Кенжебек Бокоев: Ар бир жаңы бийликтен өзгөрүүнү күтүп атабыз. Мен бүгүн камоолорду көрүп атам, бирок тергөөчүнүн, соттун өзгөрбөгөнүн да көрүп атам. УКМК саясий органга айланып кетти. Президентте саясий чечим болушу керек. Экономикалык, билим берүү жана башка багыттарында жаңы стратегия, жаңыча мамиле менен өзгөрүүгө барбаса бир эле камоо менен кантип мамлекетти өзгөртөбүз? Конституцияны өзгөртүп бердик. Эл эми өзгөрүүнү сезиши керек.

Чынара Эсенгул: Тазалануу процессинен башка өлкөлөр да өткөн. Мындайда эң негизги кадам кадрларды даярдап, аларды чечимдерди кабыл ала турган туура орундарга жайгаштыруу керек. Мыйзамдарды аткаруу маданиятына тарбияланган кадрлардын институтун түзгөн жокпуз. Сот бийлиги башка бийликтердин көлөкөсүндө эле келатат. Кайсы бийлик келбесин, мамлекетке жакшы иш кылып, күчтүү мамлекет түзүп кетем дегендер ушундай кадамга барыш керек. Буга саясий эрк керек. Анткени, азыр кесипкөйсүздүк орун алып калды. Жакшы кадрлар чыгып кетти, кетип да жатышат. Таза иштегендер азыркы система менен быгыша албай калууда.

Талкуунун толук видеоверсиясын бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG