Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Октябрь окуялары: сурактан чыккан суроо


Митингчилер таштанды салган челекти түртүп баратышат. 6-октябрга караган түнү тартылган сүрөт. 2020-жыл.

Кыргызстандагы былтыркы октябрь окуяларына байланыштуу сурактын экинчи толкуну башталды. Бийликтин алмашуусуна алып келген тоз-тополоңго жигердүү катышкандардын алды суралып да чыкты.

Парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуудан башталып эл оозунда "Октябрь окуялары" деген аталыш менен калган тополоңго саясий, укуктук баа берүү тандалма жүрүп, бийлик алтернативдүү пикир айткан саясатчыларды куугунтуктап жатканы айтылды. Ошол башаламандыктардын арты менен келген бийлик өкүлдөрүн да суракка чакыруу талабы коюлду.

Арты-артынан келген чакыруу

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов 23-июнда Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2020-жылда бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкты.

Ошол кезде Прагада иштеген Токтакунов Кыргызстанга былтыр 7-октябрда келип, 9-октябрда криминалга каршы Бишкекте жарандык активисттер, саясатчылар менен кошо акцияга чыккан. Журналист дал ошол күнкү окуялар боюнча суралды.

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

“Мен митингде ошол кездеги жалгыз легитимдүү орган – парламентке кайрылып абийири төгүлгөн депутаттар акыркы жолу тарыхый чечим кабыл алып, мыйзамдуу өкмөттү шайлашы керек деп айткам. “Биз Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Бабановду же Садыр Жапаровду колдобойбуз. Парламент аларды чогултуп мыйзамдуу өкмөт түзсүн” деген талапты койгонбуз. Ушул боюнча айтып бердим. Октябрь окуяларына калыс баа берилиши үчүн бийлик же оппозиция дебей ошол күнү аянтта жүргөндөрдүн баары суракка чакырылышы керек. Анын ичинде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, абакта жаткан Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, андан тышкары Жээнбековдор, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев да көрсөтмө бериши зарыл”.

Токтакунов 6-октябрга оогон түнкү башаламандыкта каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнө, ондогон адамдардын жараат алганына жана тополоңдо бир катар саясатчылардын абактан бошотулушуна юридикалык баа берилиши керек деп эсептейт.

5-6-октябрдагы башаламандыктардан кийин Кыргызстанда бийлик талаш күч алган. Иштеп жаткан бийлик отставкага кете элек болчу жана ошол эле кезде саясий топтор бийликке келүү үчүн аракет кылып жаткан.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев баш болгон саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү Ала-Тоо аянтына чогулган. Садыр Жапаровдун тарапташтары алар менен кагылышып тополоң болгон. Кийин бул боюнча массалык башаламандык менен иш козголгон.

Октябрь окуяларына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова да ИИМге суракка чакырылды.

Сооронкулова бул ишти тергөө калыс жүрбөй тандалма болуп жатканын айтууда. Ал муну бийликти ачык сындагандарга каршы басым деген пикирде.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Бул окуялар боюнча күбөлөрдү суракка алып документке түшүргөнү жакшы. Анткени иш жабылган күндө деле ал документ болуп сакталып калат. Менин көрсөтмөм боюнча ошол эле Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге да иш козголуш керек да анда. Себеби, "Достук" мейманканасында Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен окуя чындап эле бийликти басып алуу. Мен ошондо эле туура эмес кетип баратышканын, токтотуш керектигин айткам. Мен тергөөдө көрсөтмө бергенден кийин анын жыйынтыгын да талап кылышым мүмкүн. Ошондуктан булардын аракети кызык болуп жатат”.

Октябрь окуялары боюнча былтыр ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев суракка чакырылган. Бул жолку сурактар экинчи толкун болуп калды.

“Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын” лидери, былтыркы нааразылык акциялардын катышуучусу Азият Жекшеев да ИИМге суракка чакырылгандардын катарын толуктады.

“Октябрь окуяларына юридикалык баа берилиши керек. Бирок ал адилеттүү болушу шарт. Азыр тилекке каршы ал окуяларга активдүү катышып, аны ишке ашыргандарды куугунтуктоо болуп жатат. Ошол окуяга катышкандардын бири азыр президент болуп отурат.

Бул октябрь окуяларында чогуу жүрүп бийликке жетип алгандан кийин анын жыйынтыгын өзүнө алып атаандаштарын жок кылуу аракети”.

Октябрь окуяларына байланыштуу президент Садыр Жапаровду да суракка чакыруу талабы тууралуу президенттин администрациясы комментарий бере элек.

“Басым болгон жок”

2020-жылы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясы менен барып, октябрь окуяларына активдүү катышкан экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева да 22-июнда ИИМде сурак берип чыкты. Ал бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине былтыр 5-октябрда катталып, андан бери миңге жакын киши күбө катары чакырылганы тууралуу айтып берди.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

“Мен оппозициялык партиялар Опера жана балет театрында чогулуп, кийин Ала-Тоо аянтына келгенибизди, ошол кездеги окуяларды жана мен кайсы жерде жүргөнүмдү жалпылап айтып бердим. Октябрь окуялары боюнча суроолорго болгонун болгондой эле жооп кайтардым. Ал окуяларды укук коргоо органдары өздөрү деле тартты да. Андан тышкары журналисттер да түз эфир кылышты. Мага карата кандайдыр бир коркутуп-үркүтүүнү байкаган жокмун. Анткени азыр кээ бирөөлөр социалдык тармактарга “басым болуп атат” деп жазып атышпайбы. Менде эч кандай күнөө жок экенин түшүнүп жатам. Ошондуктан эркин эле барып сурак берип, эч кандай басымды сезген жокмун”.

ИИМ былтыр берген маалыматка караганда, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар боюнча жапырт башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү, жеке мүлккө зыян келтирүү жана башка беренелер менен беш-алты кылмыш иши козголгон.

2020-жылдагы октябрь окуяларында социалдык тармактарга тараган сүрөт. Өкмөттүн имаратында Максат Мамытканов, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров отурат. (солдон оңго)
2020-жылдагы октябрь окуяларында социалдык тармактарга тараган сүрөт. Өкмөттүн имаратында Максат Мамытканов, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров отурат. (солдон оңго)

Митингдин катышуучулары кайда?

Ушул күнгө чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Имаратты жана мекемени басып алуу”, “Туран” партиясынын лидери, камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовго “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылды. Экөө тең октябрь окуяларындагы тополоңго катышкан.

5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингде 12 партия парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо дайындоо тууралуу билдирүү жасашкан. Алар: “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика”, “Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Реформа”, “Ыйман Нуру”, “Чоң Казат”, “Мекен Ынтымагы”, “Ордо” жана “Социал демократтар” партиялары. Ал билдирүүгө “Мекенчил” партиясынан башка партиялардын жетекчилери, өкүлдөрү кол коюшкан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев октябрь окуяларына саясий, укуктук баа берүү тууралуу талаш-тартыштар боюнча буга чейин мындай деген.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Мен бүгүнкү бийликтегилерге, Садыр, Камчы жана башкаларга кайрылгым келет. Октябрдагы он күндү ошол боюнча жабыш керек. 6-октябрдан 15-октябрга чейин “мен мыйзамдуурак бийликмин” деп эч ким айта албайт”.

6-октябрга караган түнү аянттагы митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын басып алышкан. Ошол эле түнү №27 колонияда отурган Садыр Жапаровду тарапташтары бошотуп келип, таңга жуук Жапаров аянтта сөз сүйлөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, №27 абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов да чыккан. Атамбаев менен Ниязов кайра кармалып, Исаков жана Ибраимов качып кетип издөөдө жүрөт.

Октябрь окуяларынын дагы башка активдүү катышуучулары Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясынын мүчөсү болду.

“Былтыр төңкөрүшкө катышкандар менен Садыр Жапаровдун айырмасы Жапаров өзүн шайлоо аркылуу легитимдештирип алды. Ал эми калган күчтөрдүн эч кандай статусу жок. Эгерде мыйзамдуу мамлекет курабыз десек былтыр октябрдагы окуяларга катышкандардын бардыгын жоопко тартыш керек”, - деди Жапониядагы кыргызстандык саясий эксперт Даниел Кадырбеков.

Октябрь окуялары өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG