Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Өкмөт түзгөн "бейөкмөт уюмдар"


Ташкент, Өзбекстан.

Өзбекстандын жарандык коому кысым-басымга, чектөөлөргө туш болууда. Өкмөттүк эмес уюмдардын катталуу аракетине бут тосуулар болууда.

Кагаз жүзүндө баары жакшы көрүнгөнү менен бийлик чыныгы абалды бурмаланган маалыматтардын жардамы менен жаап-жашырып келет.

Жергиликтүү журналист Ирина Матвиенко Opendemocracy аналитикалык борборуна чыккан макаласында ушул маселеге кайрылды.

"Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда 10 миңден көп бейөкмөт уюм бар. Бирок жакшылап иликтей келгенде, алардын көбү бийлик уюштурган бейөкмөт уюм болуп чыкты", - деп жазды автор. Башкача айтканда, ошол уюмдарды мамлекет өзү көзөмөлдөйт.

Журналист Жарандык коомду калыптандыруу боюнча көз карандысыз институттун маалыматына таянып баяндагандай, 2014-жылдан бери бейөкмөт уюмдардын саны тез өсүүдө. Алардын 66% өкмөт түптөгөн.

Матвиенко сандарды бурмалоонун дагы бир жолу бар деп улантат. Былтыр Юстиция министрлиги каттоодон өткөн бейөкмөт уюмдардын тизмесин жарыялаган. Анда бир эле аталыштагы уюм ар башка райондордо өз-өзүнчө уюм болуп жазылып турат.

Андан ары бийлик түзгөн уюмдар бюджеттен акча алып турганы, ал эми бейөкмөт уюмдарга чет жактардан түшкөн каражат чектелгени, үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүү өңдүү олуттуу социалдык долбоорлор менен иш алып барган топтор үчүн бул бир топ кыйынчылык жаратары айтылат.

Журналист дагы бир маселеге токтолот. Расмий тизмеде жоюлуп кеткен же кагаз жүзүндө гана иш алып барган уюмдар аз эмес. Мисалы 2018-жылы президенттин токтому менен зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо борборлору түзүлгөн. Расмий орган 197 борбор тууралуу маалымдаса, Матвиенко сурамжылаган булактар ал жайлардын көбү болбогонун же иштебегенин айтып беришкен.

Макаланын автору жеке адамдар өз демилгеси менен түптөгөн бейөкмөт уюмдарга эркин катталууга шарт түзүлсө, бийлик өзү түзгөн уюмдар мынча көңүл бурдурбайт эле деген оюн ортого салат.

Автор Улуттук университеттин Социология факультетинин студенттери эки жылдан бери ыктыярчылардын борборун каттай албай келе жатканын мисал келтирип, андай учурлар четинен жолугарын белгилейт.

Журналист материалын жыйынтыктап жатып, өзбек өкмөтү ачык-айкындуулукка багыт алуу, жарандык коомдун өнүгүшүн колдоо тууралуу убадасын аткаргысы келсе, чыныгы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө тийиш экенин кошумчалаган. "Азырынча кагаз жүзүндө жакшы көрүнгөн статистиканы жана убадаларды гана байкаса болот" дейт Ирина Матвиенко.

Бельгия уйгурларды куугунтуктоону геноцид деп таанышы мүмкүн

Le Figaro 17-июндагы санында Кытайдагы уйгурлардын абалына арналган макаласында Бельгиянын депутаттары Шинжаңдагы мусулман азчылыгына каршы “геноцид коркунучу” жаралганы тууралуу резолюция кабыл алышканын жазды.

Парламенттин тышкы байланыштар комиссиясынын документти колдогон добушу жалпы жыйында бекитилүүгө тийиш. Андай болсо, Белгия АКШ, Канада, Британия жана Нидерланддын артынан Шинжаңдагы уйгурлар геноцидге кабылганын тааныган болуп калат.

Гезит укук коргоочуларга шилтеме менен аймактагы кайра окутуу лагерлерине 1 миллиондой уйгур айдалганын, алар кыйноолорго туш болуп, аларды күчтөп иштетишкенин эске салат.

Резолюциянын демилгечиси депутат Самюэл Коголатинин айтымында, жалпы жыйында документ өтпөй калса да, бул чечимди “тарыхый” деп бааласа болот. “Себеби мындайды бир нече ай мурун эле элестетүү да кыйын болчу”, - деп улантат мыйзам чыгаруучу.

Баса Бээжин Коголатини “кара тизмесине” киргизген. Ага бир нече башка европалык жарандар менен катар Кытайга, Макаого жана Гонконгго кирүүгө тыюу салынган.

Резолюция февралда эле сунуш кылынган. Макаланын автору "Шинжаңдан качып чыга алган уйгур Келбинур Сыдыктын 4-июнда Лондондо сүйлөп, мекениндеги кырдаалды сүрөттөп бергени бир нече өлкөдөгү депутаттарды, анын ичинде, бельгиялыктарды бул маселеде так бир позицияны ээлөөгө түрттү", - деген ою менен бөлүшөт. Кытай тилинин мугалими лагердеги адам чыдагыс кемсинтүүгө, зордуктоого, кыйноого, стерилизацияга кабылганын айтып берген.

Сөз болгон резолюцияда парламентарийлер Бельгия өкмөтүнө бир нече талап койгон. Атай кетсек, эки өлкө ортосунда кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоо тууралуу келишимди жокко чыгаруу, Шинжаңда чыгарылган товарлардын экспортуна чекит коюу жана европалык институттарды Бээжинге катаал санкция салууну талап кылуу жөнүндө айтылган.

Бирок макаланын автору негизги маселе – куугунтукту сыпаттоодо “геноцид” деген сөздү пайдалануу экенин белгилейт. Андан ары бул терминдин эл аралык конвенцияда каралган маанисине токтолот.

Гезит Кытай бийлиги дооматтарды четке кагып, өлкөнү жаманатты кылуу үчүн жалган маалыматтар таратылып жатканын кайталап келатканын да жазды. Бээжиндин Брюсселдеги элчилиги резолюцияны айыптаганы, тараптардын дипломатиялык мамилелерине көлөкө түшүшү мүмкүн деп эскерткени да айтылат. "Бельгиянын тышкы иштер министри буга парламент көз каранды эмес экенин, өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин айтып жооп берген", - деп жазат Le Figaro.

Германияда балдардын көп төрөлүшүнө пандемия себеппи?

Deutsche Welle Германияда балдар көп төрөлүп, жаңы рекорд коюлганын кабарлады. Мындай көрүнүш өлкөдө 20 жылдан бери байкала элек болчу.

Маалыматта былтыр биринчи локдаун башталганда Францияда эл шарап, презерватив сатып алып жатса, Германияда ун жана даарат кагазынын запастарын толукташканы айтылат.

"Демек бойго болтурбоочу каражаттарга анча көңүл бурулбашы бир четинен балдардын көп төрөлүүсүн түшүндүрүшү мүмкүн", - деп айтылат макалада.

Алсак, мартта Германияда 66 миңге жакын ымыркай жарык дүйнөгө келди. 1998-жылдын мартында мындан азыраак 65 миң наристе төрөлгөн.

Бирок статистиктер бэби-бумду пандемия менен эмес, былтыр майда чектөөчү чаралардын жумшартылганынан көрүшөт. Далил катары алар жыл башында балдардын төрөлүшү былтыркыдай деңгээлде эле болгонун айтышат.

Deutsche Welle басылмасынын жазганына караганда, Висбадендеги статистикалык мекеме алдын ала маалыматтарды гана чыгарды, июлда жарыялана турган так сан мындан да жогору болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG