Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Садыр Жапаров Борис Жонсонго кат жолдоду


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 7-13-июнь, 2021-жыл.

10-июнда The Diplomat басылмасы өз булактарына таянып, кыргыз бийлиги журналист Крис Риклтон жана адам укуктары жаатындагы изилдөөчү Мира Риттманндын өлкөгө кириши боюнча маселени карап жатканын жазды.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров британ премьер-министри Борис Жонсонго жолдогон катында: “Өлкөдөгү ачык-айкындуулуктун жаңы духун баса белгилөө, эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин көтөрүү максатында буга чейинки бийлик тарабынан журналист Крис Риклтон жана “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун аймактык өкүлү Мира Риттманнга салынган чектөөнү кайра карап чыгуу буйругун бердим”, - деп айткан.

Кэтрин Пуц андан ары чет өлкөлүк эки жарандын кандай "кара тизмеге" түшкөнүн жазат. АКШнын жараны Риттманн Кыргызстандан 2015-жылдын декабрында депортацияланып, «персона нон-грата» деп жарыяланган. Ал миграциялык мыйзамдарды бузган деп айыпталганы менен кайсы мыйзамды бузганы айтылган эмес. Эки жылдан кийин бийлик журналист, британ жараны Крис Риклтон Кыргызстанга киргизүүдөн баш тарткан. Анын себеби түшүндүрүлгөн эмес. Ал маалда Улуттук коопсуздук комитети журналист виза режимин бузганын билдирген. Риклтон айыптоону четке кагып, виза режимин сактаганын айткан.

Эки окуя Кыргызстандын “демократия аралчасы деген аброюна шек келтирген" деп жазат The Diplomat.

Журналист Риттманн менен Риклтон Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган жалгыз чет өлкөлүк эмес экенин, 2017-жылы июлда орусиялык “Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программаларынын директору Виталий Пономаревго да ошондой чара көрүшкөнүн, былтыр январда Бишкек шаардык соту анын апелляциялык арызын четке какканын эске салат.

Автор Риттманн жана Риклтон боюнча комментарий сурап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылганын, бирок макала чыккыча алардан жооп келбегин кошумчалаган. Ошол эле маалда алардын ишин кароо канчага созулары белгисиз.

Казакстандык таланттар Орусияга агылып жатабы?

Казак артисттери. Иллюстрациялык сүрөт
Казак артисттери. Иллюстрациялык сүрөт

Ушул эле The Diplomat басылмасында Алимана Жанмуканова казакстандык таланттуу, билимдүү, мыкты деген жаштары Орусияга ооп кетип жатышканын талдап чыкты. Мисалы, быйыл мартта 20 жаштагы Иманбек Зейкенов дүйнөдөгү эң абройлуу “Грэмми” (Ред.: америкалык искусство жана музыка жаздыруу улуттук академиясынын сыйлыгы) музыкалык сыйлыгын жеңгени баяндалат. Буга чейин өз өлкөсүндө да анча белгисиз артист постсоветтик аймактагы өнөрпоздор арасынан биринчи болуп бул категорияда мындай абройлуу сыйлыкка татыды. Иманбек “Грэммини” тапшыруу аземине өзү туулуп өскөн Казакстандан эмес, Орусиянын башкалаасы Москвадан онлайн катышты. Автор артист ага чейин орусиялык музыка жаздыруу компаниясы менен келишимге кол койгонун, “Форбс” журналы Иманбекти 30 жашка чейинки жаштар арасында эң көп үмүт жараткан орусиялык таланттардын тизмесине киргизгенин белгилеген.

“Орусияга атак-даңк издеп кеткен казакстандык көптөгөн музыкант, обончулар ал жерде улуттук жана этникалык байланышын жоготуп коет. Алар Казакстанды эмес, Орусияны таанытышат, ал өлкөнүн кызыкчылыктарын алга сүрөшөт”, - деп айтылат макалада. Албетте, Казакстанда туруп да дүйнөнүн булуң-бурчуна таанылган ырчылар жок эмес. Бирок көбү өз карьерасын дал Орусияда улантууну артык көрүшөт.

Мунун себебин изилдеген автор музыканттар билимдүү, кесипкөй, иш билги кадрлардын чет жактарга агылышын чагылдырган жалпы тенденциянын бир бөлүгү деген жыйынтыкка келет. 2020-жылы Мажилистин вице-спикери Александр Милютин келтирген маалыматка ылайык, пандемиялык чектөөлөргө карабай, сырт жактарга туруктуу көчүп жаткан казакстандыктардын саны өстү. Алардын жарымынан көбү университеттик билим алган жогорку квалификациядагы адистер. Статистикага караганда, көбү - 90% Орусияга кетишет, андан кийин Германия жана Польша турат.

Вице-спикер кетип жаткан адистердин арасында дарыгерлер, мугалимдер, техникалык кесиптерди аркалагандар көп экенин, чет жакта окууну тандаган студенттердин 60% Орусияга артыкчылык беришерин, билим алгандан кийин басымдуу көбү ошол жакта калышарын да айткан.

Талдоодо айтылгандай, мындай тенденциянын артында экономикалык абалдын начарлашы, окуу жайлардагы билимдин сапатынын начардыгы, жумуш табуунун кыйындашы турат. Андан тышкары кетип жаткандардын арасында улуттук азчылык өкүлдөрү көп.

Автор макаласын жыйынтыктап жатып, мындай көрүнүш улана берсе, ошол билимдүү, талантуу жаштар “өз өлкөсүнүн эсебинен Орусиянын жаркын келечегин камсыздашат” деген оюн ортого салды.

Француз президенттери кабылган агрессия

Макронду жаакка чаап жиберген учур
Макронду жаакка чаап жиберген учур

Франциянын маалымат каражаттары бири калбай президент Эммануэл Макронго байланышкан жагымсыз окуяны чагылдырып келатышат. 8-июнда региондордун биринде эл менен учурашып жатканда бир киши аны жаакка чаап жиберген. Мамлекет башчыга кол көтөрүү учуру ондогон телефондорго тартылып, чагылгандай тез тарап кетти. Кийин ал адам соттун чечими менен төрт айга камалды. 18 айлык жазасынын калган бөлүгүн шарттуу өтөй турган болду.

Буга байланыштуу Le Figaro гезити Макрон мындай агрессияга кабылган биринчи президент же жетекчи эмес экенин эске салды.

2002-жылы 14-июлда ашынган оңчулдардын 25 жаштагы мүчөсү Максим Брюнери гитаранын кабына мылтык катып алып Елисей талаасында чогула баштаган элге аралашып кеткен. Ал күнү, Франциянын улуттук майрамында, жыл сайын аскердик парад, башка иш-чаралар өтөт. Президент Жак Ширак жанынан өтүп баратканда Брюнери ок чыгарат, бирок тийбей калат. Кийин президент эч нерсе түшүнбөй калганын, “петарданын добушун” укканын гана айтып берген.

Ал эми Шарль Де Голль беш жолу кол салуудан аман калган. Эң олуттуусу 1962-жылы, Алжир согушу аяктайын деп калган учурда болгон. Алжирдин эгемендигине каршы чыккан топ Пти-Кламар деген жерде президент кетип бараткан машинени аткылаган.

2011-жылы Николя Саркози мэрлердин жыйынына барганда бир адам аны курткасынан катуу тартып, жулмалаганы белгилүү.

2014-жылы Femen тобунун мүчөлөрү Франсуа Олланддын маңдайынан чыгып, жолун торошкон. Ал эми Олланд президент болуп шайлана электе, 2012-жылдын февралында ага ун толтурулган капты ыргыташкан.

Мамлекет башчылардан тышкары мурдагы премьер-министр Мануэль Валлсты да партиялык жыйын алдында бир киши жаакка чаап жибергени маалым.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG