Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Эски бийликтин мыйзамы колдоо тапты


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Жогорку Кеңеште коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган долбоор 17-июнда үчүнчү окууда колдоо тапты.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин учурунда иштелип чыгып, бирок кабыл алынбай калган талаштуу мыйзам долбоору бир жылдан кийин парламентте кайра талкууланып, кабыл алынды.

Документ мамлекеттик эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирилет. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тийиштүү органдарга мурдатан бери эле отчет берип келгенин, жаңы мыйзамдын зарылчылыгы жоктугун айтып жатышат.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Чынара Урумкалиева көтөрдү.

"Мыйзам долбоору маалымат берүүгө жана коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталган. Ушул мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жаткан кезде депутаттардан редакциялык мүнөздө сын-пикирлер жана сунуштар кат жүзүндө түшкөн жок".

Чынара Урумкалиева былтыр октябрда депутат Элвира Сурабалдиева вице-премьер кызматына шайлангандан кийин анын ордуна парламентке келген.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан.

Мыйзам долбоору ишке кирсе, коммерциялык эмес мекемелер Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Отчет министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоор үчүнчү жолу талкууланып жаткан кезде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев гана сөз сүйлөдү. Ал президент Садыр Жапаровдун администрациясы мурдагы бийликтин мыйзам долбоорун сүрөп жатат деп сындады:

"Бул да Жээнбековдордун мыйзам долбоору. Муну да депутаттар жазган эмес. Презденттин аппараты жазып, депутаттарга берген болчу".

Талаш-тартыш жараткан Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам былтыр, 18-июнда экинчи окууда кабыл алынган. Бирок коомдогу карама-каршылык жана талаш-тартыштардан кийин ал үчүнчү окууда каралган эмес. Ал ортодо октябрь окуялары болуп, бийлик алмашып кеткен.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кайсы гана коммерциялык эмес уюм болбосун, банктык эсеби ачыкталып, ал уюмга карата мыйзамсыз иштер болушу ыктымалдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

"Урматтуу президенттин өкүлү, президентке айтып койсоңуз, бул өтө туура эмес долбоор. Бул мыйзамга ылайык, биз эми бирөөнүн мүлкү, кирешеси, чыгашасы коммерциялык сыр эмес дегенге кантип барабыз? Кайсы гана коммерциялык эмес уюм болбосун, анын эсептерин жарыялай башташат. Салык кызматы, Финансылык чалгын кызматы текшере берсин. Бирок сайтка ачыкка чыгарып, эмне кереги бар?".

Эл өкүлү Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдон мыйзам долбоорун четке кагууну өтүндү.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоору тууралуу оң пикирин айтып, ал Конституцияга каршы келбей турганын негиздеди.

"Конституциянын сегизинчи беренесинде "баары ачык-айкын болсун" деп турат. Мыйзам долбоору кайсы нормага туура келбей жатат? Мен ушуну түшүнбөй турам? Каржы-чарбалык иштери ачык болсун деп турат".

Жабык жайлардагы адам укуктары үчүн күрөшүп келе жаткан укук коргоочу "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова бийлик коммерциялык уюмдардан шек санабастан, тескерисинче, өнөктөш катары иштешүүсү зарыл деген пикирде. Ал бул уюмдар дагы Кыргызстандын бакубаттыгы үчүн иштеп жатканын айтып, бийликти диалогго чакырды.

"Саясатты токтотуш керек. Анткени азыр жакырчылык абдан масштабдуу болуп жатат. Атамбаев бизге асылган, Бакиев асылган, Акаев баштап асылган. Азыр болсо бирөөлөр качып жүрөт, башкасы түрмөдө отурат. Экинчиден, текшерүүдөн коркуп жаткан эч ким жок. Өкмөттүк эмес уюмдарга, журналисттерге кол сунуп иштешүү керек. Анткени алар көмүскө нерсени ачып, бийликке көрсөтүп берип жатышат".

Мамлекеттик эмес уюмдар мыйзам долбоорун шарттуу түрдө "төртүнчү отчёт" деп атап, буга чейин үч мекемеге - Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип келишкенин айтышууда. Алардын оюнча бул мыйзам долбоору эл аралык уюмдардан жана Батыш мамлекеттерден грант алган өкмөттүк эмес уюмдарга каршы багытталган.

Жогорку Кеңештин 4-марттагы сессиясында "Республика – Ата Журт" фракциясынын депутаты, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Райымкулов өкмөттүк эмес уюмдарды ар кандай митингдерди уюштурат деп күнөөлөгөн.

Депутат Бактыбек Райымкулов
Депутат Бактыбек Райымкулов

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоор эки окуудан өтүп келип токтоп калган. Үчүнчү окууда турат. Ушуга протоколдук тапшырма берип койсоңуз. Комитет эмне үчүн алып чыкпай жатат? Биз социалдык комитеттен мыйзамды кийинки жумада алып чыгууну суранат элек. Анткени, бир эмес, эки окуудан өткөн. Болбосо бүгүнкү күнү Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар арасында батыштын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдерди уюштуруп жатышат. Ошолор ар бир кылган иши үчүн жооп бериши керек. Биз ал жерде НПОлор бир жылдагы иши боюнча маалымат берсин дегенбиз".

Былтыр мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан кезде Кыргызстандагы 175 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү парламент депутаттарына кайрылуу жолдоп, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун колдобоого чакырган. Кайрылууда документ коммерциялык эмес уюмдардын төрт түрүнө – коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге, юридикалык бирикмелерге жана менчик мекемелерге дискриминациялык жана убара кылуучу кошумча талаптарды жаратары белгиленген.

"Демилгечи депутаттардын чыныгы максаты – бул акыйкатсыз чечимдерге, коррупцияга каршы чыккан, акыйкаттыкты, теңдикти жана эркиндикти талап кылган уюмдарды жаман көрсөтүү, дискредитациялоо. Мыйзам долбоорунун авторлорунун коммерциялык эмес уюмдарга карата бардык айыптоосу негизсиз жана ойдон чыгарылган, элди атайылап адаштыруу аракети. Анткени, Кыргызстан эгемендик алгандан бери коммерциялык эмес уюмдар өлкөгө зыян келтирген бир дагы факты болгон эмес", - деп айтылган кайрылууда.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес. Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Турсунбай Бакир уулу баштаган топ башка өлкөлөр тарабынан каржыланган уюмдарды "Чет элдик агент катары таануу жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдап, бирок кабыл алынбай калган. Бул мыйзам долбоорун азыркы депутаттар 2016-2017-жылдары да эки окууда кабыл алып, ошол бойдон калып кеткен. Бирок, жогоруда айтылгандай, 2020-жылы Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу кайрадан көтөрүп, иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG