Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Өзбекстан бейөкмөт уюмдарга сырттан көбүрөөк каражат алууга уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан 1-марттан тартып бейөкмөт уюмдар бир жыл ичинде чет өлкөлүк булактардан акчалай жана мүлк түрүндө ала турган жалпы каражаттын суммасын 20 базалык эсептик көрсөткүчтөн 100 базалык эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйттү.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул норма «Бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик колдоо, алардын ишмердүүлүгүнүн эркиндигин камсыздоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кошумча чаралар тууралуу» президенттин токтомунда бекитилген.

Документке ылайык, бейөкмөт уюмдарды кайрадан каттоодон өткөрүү, алардын шарттуу белгилерин каттоо мөөнөттөрү да бир айдан 15 күнгө чейин кыскартылат.

Майыптыгы бар адамдардын, ардагерлердин, улгайгандардын, аялдардын жана балдардын коомдук уюмдарын каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик төлөм алынбайт.

Мындан тышкары документте Өзбекстандын бейөкмөт уюмдарды колдоо боюнча коомдук фондуна ата мекендик коммерциялык эмес уюмдардын өнүгүшүнө багытталган долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик субсидиялар каралган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG