Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Евробиримдик орусиялык "Спутник V"  вакцинасын экспертизадан өткөрө баштады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Европанын дары-дармектер агенттиги орусиялык "Спутник V" вакцинасын экспертизадан өткөрө баштады. Маалыматка караганда, текшерүү тездетилген процедура менен жүргүзүлүп жатат. Ийгиликтүү болсо, Евробиримдиктин өлкөлөрүндө колдонууга уруксат берилмекчи.

Атап айтканда, агенттик вакцинанын биримдиктин сапат жана коопсуздук стандарттарына канчалык дал келерин карап чыкмакчы. Экспертиза качан аяктары айтылган жок.

Еврошаркеттин бийликтери эмдөө, препараттарды жактыруу иштери жай жүрүп жаткандыгы үчүн сынга кабылып келатат. Пандемиядан улам көпчүлүк өлкөлөр иш жүзүндө жабык турат. Мындай шартта кээ бир өкмөттөр европалык агенттик уруксат бере элек вакциналарды алуу тууралуу сүйлөшө баштаган. Мисалы, Словакия менен Венгрия “Спутникти”, Будапешт ошондой эле кытайлык "Синофарм" вакцинасын жактырышты.

Чехия президенти Милош Земан Орусиядан жана Кытайдан препараттарды сурап кайрылып, "вакцинанын идеологиясы жок" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG