Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Камактагы Василий Дашков ооруканага жаткырылды


Василий Дашков.
Василий Дашков.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган Василий Дашков Бишкектеги "Бикард" менчик бейтапканасына жаткырылды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” аталган оорукананын өкүлү Елена Баялинова ырастады.

Анын айтымында, учурда анын саламаттыгы текшерилип жатат. Мунун алдында бир катар басылмалар укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен Дашков ооруканага которулганын жазып чыгышкан. УКМК комментарий берген эмес.

Атайын кызмат Василий Дашковду алгач 18-майда кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. УКМК аны 8-июнда кайра тергөө абагына киргизген.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Андан тышкары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болууда. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган.

УКМК "Кыргыз темир жолундагы" жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орунбасары болгон. Жарандык коом өкүлдөрү аны коррупциялык иштерге айыптап чыккандан кийин, 2021-жылдын мартында кызматтан алынган.

"Бикард" менчик бейтапканасы жүрөк жана башка ооруларды дарылайт. Ага мурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен депутат Кубанычбек Жумалиев камакта жүргөн кезде жатып чыгышкан. Учурда аталган ооруканада камактагы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да дарыланып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG