Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

УКМК: «Кыргыз темир жолундагы» жемкорлукка шектүүлөр арасында мурдагы жетекчиси жана анын уулу бар


Василий Дашков.
Василий Дашков.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясындагы жемкорлукка шектелип жаткан беш адамдын арасында ишкананын мурдагы жетекчиси Василий Дашков жана анын уулу бар. Бул тууралуу 20-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин ишкана «Атом Групп» жана «Генезис Плюс» компанияларына 500 миллион сом которгон. Бул акча кара май жана кызмат үчүн которулганы айтылганы менен ортодо тийиштүү келишимдер түзүлгөн эмес.

18-майда УКМКнын тергөө абагына "Кыргыз темир жолунун" Каржы департаментинин башчысы, коррупциялык схеманын катышуучусу катары мурдагы башкы директорунун уулу жана жогоруда аталган эки компаниянын жетекчилери камакка алынышты.

Василий Дашков өзү келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча бир айга (18-июнга чейин) үй камагына алынды. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмышка шектелип жатканы айтылды.

Дашков 25-мартта өкмөт башчынын буйругу менен “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директорлугунан бошотулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG