Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Евробиримдиктин аймагына эмделген гана туристтер кире алат


Европа Биримдиги шаркетти сырткы туристтер үчүн ачуу багытында кадам таштады. Элчилер 19-майдагы жыйында эмделген кишилерге кирүүгө уруксат берүү жана коопсуз өлкө деген критерийлерди кеңейтүү тууралуу макулдашты. Азыркыга чейин ал тизмеге жети мамлекет гана киргизилген.

Былтыр 27 өлкөдөн турган блок COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында катаал чараларды көргөн. Элчилер эми туристтик сапарларга чектөөлөрдү алса болот деген пикирге келишти.

Биримдиктин басма сөз катчысы Кристиан Виган Европа кеңеши толугу менен эмделген адамдар үчүн азыркы чектөөлөрдүн айрымдарын жеңилдетүүнү сунуш кылганы жатат деп билдирди. Чек аралар качан ачылары тууралуу маалымат айтылган жок.

Дипломаттардын айтымында, шаркеттин жактыруусунан өткөн вакцина менен эмделгени тууралуу документи бар туристтер блоктун аймагына кире алат.

Евробиримдиктин медициналык агенттиги (EMA) "Pfizer-BioNTech", "Moderna", "AstraZeneca" жана "Johnson & Johnson" вакциналарын каттаган.

Ал эми Кыргызстанда кытайлык "Sinopharm" жана орусиялык "Спутник V" препараттары менен эмдеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG