Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Лукашенконун Москвага үчүнчү сапары


Владимир Путин и Александр Лукашенко
Владимир Путин и Александр Лукашенко

Май айынын соңунда Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Орусиялык басылма Орусия менен Беларустун интеграциясы боюнча жол картасы даярдалып жатканын, бир союзга биригүү боюнча макулдашуу күзгө чейин кабыл алынышы мүмкүн экенин жазды.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенконун төрт айдын ичинде үчүнчү жолу Орусияга сапары жана жолугушуунун бул жолу да жабык эшик артында өтөрү эки өлкөнүн интеграциясы тууралуу Кремль менен Минскинин «жол картасын» даярдоосуна байланыштырылып жатат.

Бул тууралуу Кремлдеги жана Минскидеги бийликке жакын маалымат булактарына таянып жазган «КоммерсантЪ» гезити орток союздук мамлекет түзүү боюнча макулдашуу күзгө чейин кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилейт.

Соңку жылдары Путин эки өлкөнүн интеграциясы маселесин утур-утур көтөрүп, Лукашенкону 20 жыл мурда түзүлгөн келишимди ишке ашырууга түртүп келет.

Орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүү боюнча келишим 1999-жылы 8-декабрда кабыл алынган. Бирок Лукашенко өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын кесе айтып, көнбөй келген.

Былтыр августта Лукашенко украиналык журналист Дмитрий Гордон менен маегинде Путинди «саясатта жол көрсөтүп жардам берчү улуу ага» жана «жакшы дос» катары сыпаттап, ошол эле маалда Москва Минскиге басым жасап келатканын кошумчалаган.

«Жакында интеграция, жол картасы тууралуу сөз болду. Мен ага айттым: «Экөөбүз түбөлүктүү эмеспиз. Акыры экөөбүз деле кетебиз. Бизден кийин келгендер, балдарыбыз ыраазы болгондой бир нерсе калтырып кетишибиз керек» дегендей көп сөз болуп кетти. Анан мен айттым: «мага да, Беларуска да басым жасоонун кереги жок».

Анткен менен былтыр дээрлик бир жыл бою Беларуста Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган көчө жүрүштөрү жана Батыштын санкциялары Лукашенконун Путин менен сүйлөшүүлөрдө позициясын алсыздандырып, Москванын колдоосуна муктаж кылып койгону белгиленет.

Быйыл Лукашенко Путин менен 22-февралда Сочиде, 22-апрелде Москвада жолугушуп, бирок бул сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби эмнеге байланыштуу экени жана мазмуну ачык жарыяланган эмес.

Орусия менен Беларустун «бир союзга» биригүү жолунда жетишилген жылыштар бар экени айтылган.

«Бардык жагынан иш жакшы кетип жатат. Биздин өкмөттүк, президенттик линиядагы командалар натыйжалуу иштешүүдө. Көрүнүп тургандай, биздин атайын кызматтардын арасында дагы. Коопсуздукту бекемдөө үчүн аскердик кызматташтык абдан тереңдеди», – деген Орусиянын президенти Владимир Путин.

Лукашенко менен Путин Сочиде, 22-февраль, 2021-жыл
Лукашенко менен Путин Сочиде, 22-февраль, 2021-жыл

«КоммерсантЪ» гезити Лукашенко интеграцияга макул болордон мурда Орусиядан электр энергиясы менен газды арзан баада алууну көздөсө, Путин алгач интеграцияны ишке ашыруу каалап турганын жазат.

Гезит эки өлкөнүн бийлигиндеги булактарга шилтеме жасап, бул кезде союздук программанын 28 пунктунун 26сы толук иштелип чыкканын, салык жана бажы, ошондой эле мунай жана газ боюнча маселелер каралып жатканын белгилейт.

15-майда Беларустун баалуу мамлекеттик кагаздардын (облигацияларды) Орусияда сатыкка коюп, кийинки эки жыл ичинде 100 миллиард рублга чейин каражат тартуу тууралуу Лукашенконун буйругу жарыяланган. Бул каражат Беларустун тышкы карыздарын төлөөгө жумшалмакчы.

1-февралга карата Беларустун тышкы карыздары 18,3 миллиард долларды түзгөн, анын эң чоң бөлүгү Орусиядан алынган каражат. Беларустун БШКсы былтыр 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылып көчө жүрүштөрүнө чыгып, ири өндүрүштүк ишканаларда иш таштоо болгон. Нааразылык акциялары августтан декабрга чейин уланган.

Беларустун Орусия менен интеграциясына каршы акцияда, Прага
Беларустун Орусия менен интеграциясына каршы акцияда, Прага

Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок. Бийликтин тынч жыйындарды күч менен басуу аракеттери, демонстранттарга зордук-зомбулугу, оппозициячыларды куугунтуктоосу үчүн АКШ менен Европа Биримдиги Беларуска жана бийлик төбөлдөрүнө карата бир катар санкцияларды киргизген.

Беларустун өзүндө Лукашенконун бийлигине нааразылык көрсөткөндөрдү жана оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоо токтой элек. Ошондой эле эркин маалымат каражаттардын жана журналисттердин ишине тоскоолдуктар болуп келет.

18-майда Беларустагы эң ири интернет портал - TUT.BY сайтынын Минскидеги жана аймактардагы кеңселери тинтүүгө алынып, 14 кызматкери камакка алынган, сайт блоктолгон.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG