Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Путин менен Лукашенко Москвада союздук республика түзүүнү сүйлөштү


Орус президенти Владимир Путин менен Беларусту 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко 22-апрелде Москвада жолукту. Төрт саатка созулган жолугушуудан соң, эки өлкөнүн ортосундагы союздук республиканы түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдө жылыш болгону айтылды.

Сүйлөшүү жүрүшүндө Путин "биздин командалар союздук өлкө үчүн мыйзамдарды даярдоонун үстүнөн иштерди улантып жатат", -деп билдирди. Аны Лукашенко да ырастап, бул жаатта жигердүү жумуш болуп жатканын кошумчалады.

Орусия менен Беларустун ортосунда 1990-жылдары союздук республика түзүү келишими болуп, бирок ал кагаз түрүндө гана калып келген.

Былтыр Беларуста президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары күчөгөнү Путин менен Лукашенконун бул жааттагы сүйлөшүүлөрү жанданды.

Лукашенконун Орусияга акыркы сапарынын алдында оппозиция өкүлдөрү Москванын колдоосун алыш үчүн Беларустун эгемендигине доо кетирчү чечимдерге кол коебу деп чочулашкан.

Былтыркы президенттик шайлоодон соң өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон Беларус оппозициянын лидери Светлана Тихановская 21-апрелде АКШнын Литвадагы элчиси Жули Фишер менен жолуккан.

Анда Тихановская Беларустун эгемендиги менен суверендүүлүгүн сактап калышы керектигин белгилеген.

Беларуста былтыр августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Ал шайлоодо бийлик Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар мамлекеттер анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.

Ал эми Орусия Лукашенконун бийлигине колдоосун көрсөтүп келет. Акыркы жолу орус бийлиги Беларуста бийликти күч менен басып алуу аракетин токтотуп калганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG