Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Лукашенко бул ирет Орусиядан акча сурабастыгын билдирди


Александр Лукашенко менен Владимир Путиндин жолугушуусу. 2020-жылдын сентябры
Александр Лукашенко менен Владимир Путиндин жолугушуусу. 2020-жылдын сентябры

Александр Лукашенко президент Владимир Путин менен 22-февралга белгиленген жолугушуусунда Орусиядан акча сурабайт. Бул тууралуу ал 18-февралда Орусия-Беларус өнөктөш өлкөлөрүнүн мамлекеттик катчысы Григорий Рапота менен жолугушкан учурда билдирди.

Александр Лукашенко «Адатта боло келгендей, айрымдар алдын-ала эле "Лукашенко 3 миллиард доллар сураганы (Москвага) баратат", деп айтып жатышат. Мен Орусияга (бул ирет) бир нерсе сураганы барбайм», -деди.

Ал Орусия менен Беларус ортосундагы чечилбеген маселе жок экенин кошумчалады. Жолугушуу 22-февралда болорун Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастады.

Акыркы жылдары Орусия газга бааны көтөрүү менен Беларуска басымды күчөтүп келген. Былтыр августта Беларуста президенттик шайлоодон соң саясий кризис башталганы Александр Лукашенко Москва менен мамилесин жакшыртууга аргасыз болгон. Андан бери Беларус бийлиги демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

Орусия Беларустагы шайлоону тааныган жана абал курчуп кетсе Лукашенкого жардам көрсөтөрүн билдирип келатат. Буга чейин орус президенти Владимир Путин Лукашенконун суранычы менен күч кызматтарынан турган резервдик топ түзүлгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG