Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Евробиримдик Венгрияга мыйзамды өзгөртүүгө 2 ай берди


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан

Европа Биримдиги Венгрияга четтен каржыланган бейөкмөт уюмдардын булактарын ачыктоону милдеттендирген мыйзамды өзгөртүүгө 2 айлык мөөнөт берди. Буга чейин Европа Биримдигинин соту 2017-жылы кабыл алынган мыйзамда «негизсиз чектөө жана дискриминациялоочу нормалар бар» деп тапкан.

Муну негиз кылган Евробиримдиктин аткаруучу органы Еврокомиссия расмий Будапештке 18-февралда кат жолдоду. Анда буга чейинки соттун жана Еврокомиссиянын чакырыктарын Венгриянын бийлиги аткарбай келгени айтылат. Буга байланыштуу 2 ай ичинде мыйзамды өзгөртүп, бейөкмөт уюмдарды чектөөчү нормаларды жокко чыгарууну талап кылды.

Европа Биримдигине мүчө Венгриянын өкмөтүн оңчул саясатчы Виктор Орбандын “Фидес” партиясы башкарат. 57 жаштагы Виктор Орбан 2010-жылдан бери Венгриядагы бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеп, бийликти бир колго топтогону үчүн Евробиримдикте катуу сынга алынып келет.

XS
SM
MD
LG