Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

"Ошто көрүстөнгө балдар көп коюлуп жатат" деген маалымат төгүндөлдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ош шаарына жакын жайгашкан көрүстөнгө акыркы күндөрү балдар көп коюла баштаганы тууралуу кабарды төгүндөдү.

Бүгүн, 18-февралда мындай маалыматты "Фейсбук" социалдык түйүнүндө айрым колдонуучулар жазган.

Ош шаарындагы Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, 2021-жылдын январь айында шаарда 356 баладан ар түрдүү жугуштуу дарттар катталган. Алардын арасынан чарчап калгандар болгон эмес.

"Былтыркы жылга салыштырмалуу балдар арасында пневмония менен ооругандар аз", - деп айткан Бакай Акматов министрликке.

Кыргызстанда январь, февраль айларында пневмония, сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйгөн. Акыркы маалыматтар боюнча Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 150дөн ашуун бала пневмония менен ооруп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG