Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Бишкекте “Үч чебер, үч көз караш” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды


Көргөзмө
Көргөзмө

Бишкекте 17-февралда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кезектеги көргөзмө ачылды.

Көргөзмө айкелчи Альбек Мухутдиновдун 85 жылдыгына, сүрөтчү Сабитжан Бакашевдин 80 жылдыгына жана сүрөтчү Мурат Бекжановдун 75 жылдыгына арналган.

“Үч чебер, үч көз караш” деген аталыштагы бул көргөзмөдө жогорудагы үч өнөр ээсинин эмгектери тартууланды.

Кыргызстандын алгачкы айкелчилеринин бири Альбек Мухутдиновдун бул көргөзмөдө илимпоздордун, маданият ишмерлерин жасаган айкел портреттери коюлган.

Ал эми живопистик форманы декоративдик жактан тартуулап, сүрөттөрүндө шаң жарата алган живописчи Сабитжан Бакашевдин көргөзмөдө коюлган сүрөттөрүнүн көпчүлүгү пейзаж жанрында.

Портреттерди тоналдык ыкма менен кылдат жасай билген сүрөтчү Мурат Бекжановдун бул жанрдык картиналары, плакаттар, китеп иллюстрациясы жана портреттери коюлган.

Аталган сүрөт көргөзмө 15-мартка чейин уланат. (MJ)

XS
SM
MD
LG