Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Лукашенко менен Путиндин жолугушуусун утурлай Минскиде нааразылык акциялары уланды


Беларустагы кармоо учурунда. Минск. 13-сентябрь, 2020-жыл.
Беларустагы кармоо учурунда. Минск. 13-сентябрь, 2020-жыл.

13-сентябрда Минскинин көчөлөрүн түмөндөгөн демонстранттар ээлеп, президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Беларустун Ички иштер министрлиги жекшембиде 400дөн ашуун адам кармалганын маалымдады. Алардын арасында «Азаттыктын» беларус кызматынын сүрөтчүсү Владимир Гридзин да бар. Аны полиция бардан кармап кетип, фотоаппаратын алып койгон.

Беларусту 26 жыл башкарган президент Александр Лукашенко 14-сентябрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул Лукашенконун Москвадан өз өлкөсүндөгү демонстрацияларды басууга көмөктөшүүсүн өтүнгөндөн берки алгачкы жолугушуусу.

Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланганын билдирген оппозиция жана демонстранттар президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза болду, алтоонун дайыны чыкпай жатат, 100дөн ашуун киши жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз.

Батыш тынч демонстранттарды сабоону, куугунтуктоону айыптап, айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG