Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Грек премьери түрк кемесинин талаштуу тилкеден кеткенин кубаттады


Кириакос Мицотакис
Кириакос Мицотакис

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис түркиялык кеменин Жер ортолук деңиздеги талаштуу тилкеден чыгып кетишин кубаттады. "Ассошейтед Пресс" агенттиги премьердин «Бул алгачкы позитивдүү кадам болду. Деэскалациянын ишаратына күбө болуп атсак, мен сүйлөшүүлөр үстөлүнө биринчи болуп отурам» деген сөзүн келтирет.

НАТОго мүчө эки өлкө ортосундагы мамилелер газ жана мунай кендерине байланыштуу чыккан талаштан улам курчуду.

Түркия «Оруч Райс» кемеси Греция анын юрисдикциясында деген сууда изилдөө жүргүзөрүн билдирген. Соңку маалыматтарга караганда, кеме Анталия портуна кайтты.

НАТО жаңжалдын курчушун алдын алуу максатында тараптардын аскер өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштурган. Евробиримдик Анкарага каршы санкция салуу ыктымалдыгын караштырып жатканы кабарланууда.

Түрк коргоо министри Хулуси Акар «биздин талаптарыбыз жана каалообуз аткарылса, Анкара тынчтыкты жана диалогду колдойт» деп жекшембиде билдирди.

XS
SM
MD
LG