Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Катарда оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү уланууда


Дохадагы сүйлөшүүлөр, 12-сентябрь 2020-жыл
Дохадагы сүйлөшүүлөр, 12-сентябрь 2020-жыл

13-сентябрда Катардын башкалаасы Дохада оогандардын тынчтык сүйлөшүүлөрү уланды. Кездешүүнүн биринчи күнүндө, ишембиде расмий салтанаттан кийин Кабул өкмөтүнүн жана "Талибандын" өкүлдөрү диалогдун жалпы алкактарын талкуулашты. Бирок ооган Коргоо министрлиги сүйлөшүүлөр башталгандан кийин да Ооганстандын жер-жеринде талибдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда кармаштар жүрүп жатканын билдирди.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тхани жекшембиде делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга ийгилик каалады. Бул тууралуу Катардын медиа каражаттары жазышты.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ок атышууну токтотуу кеп болот деп күтүлүдө.

Кабул делегациясынын жетекчиси, аткаруу бийлигинин мурдагы башчысы Абдулла Абдулла туткундагы көбүрөк согушкерлери бошотулса, "Талибан" элдешүүгө барышы мүмкүн деп "Ажанс Франс Пресске" билдирди.

«Биздин талаптарыбыздын бири ушундай болушу ыктымал», деди Абдулла.

Сүйлөшүүлөрдү ачуу салтанатында ооган өкмөтү жана өнөктөшү АКШ ок атышууну токтотууга чакырышкан. Бирок "Талибан" сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурганда бул шартты сөз кылган жок.

Оогандардын өз ара диалогун баштоого Вашингтон арачы түшүп жардам берди. Аналитиктер касташкан тараптарды бетме-бет отургузуп сүйлөштүрүү чоң жетишкендик экенин белгилөө менен тынчтыкка жетишүү, өзгөчө зордук-зомбулук учурлары көбөйүп жаткан мезгилде оңой эмес болорун айтышат.

XS
SM
MD
LG