Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Лукашенко Беларуста “бийлик өткөрүү чарасы” эч болбойт деди


Беларус жетекчиси Александр Лукашенко (төрдө). Минск. 2021-жылдын 2-марты.
Беларус жетекчиси Александр Лукашенко (төрдө). Минск. 2021-жылдын 2-марты.

Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун 2-марттагы айтымында, анын өлкөсүндө жакын арада “бийлик алмашуу болбойт”. 2020-жылдын августунун башынан бери өлкөнүн көптөгөн шаарларында жана шаарчаларында президенттик шайлоонун жыйынтыгы одоно бурмаланды деп эсептешкен миңдеген кишилер анын кызматтан кетишин талап кылып келет.
"Беларуста эч кандай (бийликти) өткөрүп берүүгө мүмкүн эмес ... Бардыгы тең Конституцияга ылайык болот", – деди Лукашенко.

Ал өткөн айда Орусиянын Сочи шаарында президент Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрү жөнүндө 2-мартта Минскиде айтып жатып: "(Жаңы) Конституцияны, мен мурда айткандай, келээрки жылдын январь-февраль айларында кабыл алабыз. Бийликти өткөрүп берүү деген сөздүн бардыгы ушуну менен гана байланыштуу болот", – деди.

Лукашенко Сочиде Путин менен жолукканда бийликти өткөрүп берүү маселеси күн тартибинде болбогондугун кошумчалады.

Лукашенко былтыркы 9-августтагы президенттик шайлоодо “көпчүлүк добуш алып жеңип чыктым” деп айткандан кийин өлкө калайыгынын бөлүгү бир нече айдан бери анын кызматтан кетишин талап кылып жыйындар өткөрүп келишти.

Анын башкы атаандашы Светлана Тихановская болсо Лукашенко эмес, өзү мыйзамдуу жеңишке жеткенин жакында дагы бир ирет баса айтты.

Жаңжалдуу шайлоодон бери өлкөдө ырааттуу өткөрүлүп жаткан өкмөткө каршы наразылык жыйындарынын жүрүшүндө миңдеген демонстранттар Беларустун коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып, көптөгөн кишилер полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандыгы фактылар менен кеңири тастыкталган.

Лукашенконун 26 жылдык авторитардык бийлигин узарткан шайлоонун жыйынтыгын бурмалоочулук мөмөсү деп эсептеген Евробиримдик тынч демонстранттарды, оппозицияны жана маалымат каражаттарын зомбулук менен кысымга алып жаткан беларус режимине ар кыл чектөөлөрдү уламдан-улам күчөтүп жатат.

Лукашенконун авторитардык режимин расмий Кремль ырааттуу колдоого алууда. (TT)

XS
SM
MD
LG