Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Хоккей чемпионаты Рига шаарында гана өтөт


Рига шаарындагы хоккей стадиону. Латвия.
Рига шаарындагы хоккей стадиону. Латвия.

Латвиянын борбору Рига шаары быйыл өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жападан-жалгыз конок ээси болуп калды. Бул чечимди Эл аралык хоккей федерациясы 2-февралда жарыялады.

Эл аралык хоккей федерациясы 2021-жылдагы хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат Рига шаарында гана өтө тургандыгынын себеби катары учурдагы дүйнөдөгү эпидемиологиялык кыйынчылыктар менен техникалык маселелерди атады. Минск шаары бул чемпионаттын конок ээлеринин бири болуу укугунан 18-январда ажыратылган.

Словакиянын борбору Братислава менен даниялык Гернинг (Herning) шаары да хоккей чемпионатын өздөрүндө өткөрүүнү сунуш кылышкан. Бирок азыркы коронавирус алааматы маалында оюндарды бир эле Рига шаарында өткөрүү алгылыктуу болот деп табылды.

Беларустун төбөлү Александр Лукашенко 2020-жылдын 9-августундагы одоно бурмалоо менен коштолгон президенттик шайлоодон соң калайыктын нааразылыгын зомбулук менен басып келет.

Европа Биримдиги менен АКШ Беларустагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан жана бул өлкөдөгү режимдин бир катар жетекчилерине карата чектөө киргизишкен. (TT)

XS
SM
MD
LG