Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Багы ачылбаган кыргыз хоккейи


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт. Мындай мүмкүнчүлүктү кыргыз хоккейчилерине Эл аралык хоккей федерациясы тартуулады.

Аталган уюм Кыргызстандын 3-дивизионго тандоо оюндарындагы беш жеңишин кайтарып берүүнүн ордуна ушундай чечим кабыл алган. Мелдеш бир жылдан кийин Бишкек шаарында өтөт.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыповдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойномой болду. Быйыл апрелде Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын арызын караган Эл аралык хоккей федерациясы 22-26-май күндөрү Братислава шаарындагы болгон конгрессте ушундай бүтүм чыгарды.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов (оңдо).
Кыргызстандын Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов (оңдо).

«Чыр-чатагы жок элдешүү менен аяктады десек болот. Ошол оюндардын жыйынтыгы кайтарылып берилген жок. Бирок ошондогу жетишкендигибиз үчүн, туура эмес чечим кабыл алынганы үчүн биздин команда дүйнөлүк чемпионатка киргизилип, төртүнчү дивизиондо ойноого уруксат берилди. Ал мелдеш 2020-жылы 2-8-мартта Бишкекте өтмөй болду», - деди Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов.​

Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында Кыргызстандын курама тобу Кувейттин, Таиланддын, Босния менен Герцеговинанын, БАЭнин жана Гонконгдун командалары менен ойноп, аларды жеңип алган.

БАЭнин командасы менен болгон акыркы беттешке чыгар алдында калыстар Кыргызстандын курама командасында ойноп келген Александр Титовду «орус жарандыгы бар» деген негизде оюндан четтеткен.

Титовсуз ойногон кыргыз хоккейчилери БАЭни 7:4 эсебинде жеңгенине карабастан Кыргызстандын бардык оюндарын Эл аралык хоккей федерациясы жокко чыгарып, 3-дивизионго жолдомо берилбей калган эле. Буга БАЭ командасынын жетекчилигинин арызы себеп болгон. Эгер оюндардын жыйынтыгы кайтарылганда, Кыргызстан үчүнчү дивизиондо ойномок.

Бирок спорт журналисти Бакыт Шүкүралиев төртүнчү дивизиондо ойного уруксат берилиши Кыргызстан үчүн жеңил жаза экенин белгиледи:

Бакыт Шүкүралиев.
Бакыт Шүкүралиев.

«Эң башкысы - бизди дисквалификация кылбаганы болду. Эң коркунучтуусу ушул болчу. Бир канча жылдар мурун Кыргызстанды көп жылга дисквалификация кылып салышкан. Азыр эч кандай айыппул да жок. Эл аралык хоккей федерациясы минтип төртүнчү дивизионду түзүп койду. Жашырган болбойт, төртүнчү дивизион болгондуктан биз деңгээли эң төмөн командалардын арасында калдык. Бирок мүмкүнчүлүк бар. Ойноп жеңсең кийинки баскычка деле чыксак болот».

Улуттук курама команданын №22 оюнчусу Уран Турсунбеков да Абу- Даби шаарында өткөн мелдештерде коргоочу милдетин аткарган. Ал Эл аралык хоккей федерациясынын мындай чечимине ичи ачышып турганын жашырган жок.

«Буга чейин биз утуп жүргөн эле командалар үчүнчү дивизионго көтөрүлүп кетти. Биз болсо кайра башынан башташыбыз керек. Бул чечимди Эл аралык хоккей федерациясы чыгарды, биз ага макул болбой турган аргабыз жок. Биз баарын башынан баштап, машыгып, анан утушубуз гана керек», - деди ал.

Төртүнчү дивизиондун оюну 2020-жылдын 2-8-март аралыгында Бишкекте өтөт. Анда Кувейттин, Малайзиянын, Филиппиндин жана Кыргызстандын курама командалары ойнойт.

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар (18 жашка чейинки) курама командасына 2020-жылы Люксембургда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга жана улуттук курама командага 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын тандап алуу оюндарына катышууга да уруксат берилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG