Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Жакыпов: Эл аралык хоккей федерациясына даттанабыз


Бириккен Араб Эмираттарында өткөн хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстандын оюнчусу Александр Титов четтетилип, курама команданын жеңиштери жокко чыгарылды.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов менен маектештик.

"Азаттык": Калыстар корпусу Александр Титовду оюндан четтетип, ал мурда Орусияда ойногонун жүйө келтиришти. Тандоо оюндары башталганга чейин Титовду ойнотууга уруксат алдыңыздар беле?

Мурат Жакыпов: Бул жерде калыстар тобу эмес, комиссия тобу ката кетирди десек болот. Александр Титов мурда Орусияда бир чемпионатта ойногон экен. Аны да оюндан чыгарып, биздин мурдагы оюндарды да жокко чыгарып салышты.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов (оңдо).
Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов (оңдо).

18 жаштагы Титов биздин эң жакшы оюнчубуз болчу. Эми ушул баладан ушунчалык коркуп, баарын нөлгө чыгаруу - спортто туура эмес көрүнүш. Ар бир оюнчу боюнча уруксат алынган. Булардын баарын жөн эле алып келе бербейсиң да. Маалыматты Эл аралык Хоккей федерациясына жөнөтүп, ал жактан ойносо болот же болбойт деген уруксат кагаздары келгенден кийин гана алып кетесиң да. Уруксаттар бар болчу. Ага чейинки жыйындарда бул жакта ойносун-ойнобосун деген талап коюлган эмес.

"Азаттык": Эмне себептен бир эле оюнчу үчүн курама команданын бардык оюндарын жокко чыгарып жатат?

Мурат Жакыпов: Биз баарын утуп чыгып, арабдарга келгенде чоң жыйын болуп, ошол жыйында Титовду чыгарып салышты. Титовду чыгарып салган күндө деле арабдардын командасын биздин команда 7:4 менен утуп алды. Биздин балдар эң сонун оюн көрсөттү. Биздин жеңишибиз буга чейинки футбол үчүн өч алуу десем жаңылбайм.

"Азаттык": Мага бир аз түшүнүксүз болуп жатат. Бир оюнчуну четтетип, мурдагы оюндардын жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин акыркы оюндан да Кыргызстандын командасын четтетип алыш керек эле да. Эмне себептен Араб Эмираттары менен болгон акыркы бешинчи оюнга алар уруксат беришти?

Мурат Жакыпов: ​Бул - келесоолук. Оюнду бир эле оюнчу түзбөйт да. Анчалык чыгаргандан кийин бизди арабдар менен болгон оюнга да чыгарбаш керек болчу да. Алар ошентип биздин команданын духун сындырып, оюнга чыгарып туруп утуп алабыз деген да. Бирок андай болгон жок. Оюндан кийин арабдардын машыктыруучусу келип, биздин машыктыруучу менен кол алышып, "мен мындай оюнга ыраазы эмесмин, сиздер уттуңуздар" деп кол кармашып, кучакташып төш кагышып кетти. Бул "силер жеңдиңер" деген нерсеге барабар.

"Азаттык": Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасында легионерлер көп деген сын-пикир айтылып келет. Өз оюнчуларыбыз күчтүү эмеспи?

Мурат Жакыпов: Легионерлер аз же көп деген сөздөр болуп эле келет. Чындыгында эле бизде ошондой сырттан келген оюнчулар бар болчу. Ансыз мындай чоң оюндарга келип, жеңишке жетишүү азырынча оор келет. Бирок азыр балдар өсүп келатат. Келечекте акырындап өзүбүздүн да балдар менен чыкканга мүмкүнчүлүк болот. Мындай көрүнүш спорттун бардык түрүндө эле бар. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Хоккейдин гана өсүшүнө жардам берет.

"Азаттык": Эми Кыргызстан калыстардын мындай чечимине кимге даттанат? Калыстар чечимин өзгөртөт деп күтсө болобу же бул акыркы чечимби?

Мурат Жакыпов: Жакында федерациябыздын президенти конгресске барат. Хоккей боюнча эл аралык федерацияга “таарыныч” кагаздарын жазып, калыс чечим чыгарууга кагаздарды жөнөтөбүз. Конгресстен булардын чечимин жокко чыгарууга аракет кылабыз. Өзүмчүлдүк кылышып, "өз жерибизде өзүбүз утабыз" деген чечим чыгарышканы менен, биз бул маселени Эл аралык Хоккей федерациясынын алкагында ортого коюп талашабыз. Мындай аракет менен алар дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алганы менен, биринчи оюндан кийин эле кайра ылдыйкы тепкичке түшүп калат.

"Азаттык": Рахмат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG