Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Токтонасыров Беларуста хоккей чемпионаты өтүүсүнө каршы

Кыргызстандык укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров 2012-жылы 27-августта да Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында пикетке чыгып, расмий Минск издөөдөгү Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бериши керек деген талабын билдирген. Архив. 27.8.2012.

Кыргызстандык укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында нааразылык пикет уюштуруп, Беларуста хоккей чемпионатын өткөрүүгө каршылыгын билдирди.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан улам бийлигинен ажыратылган мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тартканы үчүн Беларус бийлигин сындаган укук коргоочу буга чейин да элчиликтин алдында бир нече жолу нааразылык иш-чараларын өткөргөн.

Хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат Минск шаарында быйыл май айында болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG