Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Лукашенконун уулу Беларустун Олимпиада комитетинин жетекчиси болду


Виктор Лукашенко (ортодо)
Виктор Лукашенко (ортодо)

Александр Лукашенко Беларустун Улуттук Олимпиада комитетинин башчылыгынан кетип, ордуна тун уулу Викторду шайланды.

Буга чейин 46 жаштагы Виктор Лукашенко Олимпиада комитетинин биринчи вице-президенттигин аркалап келген. Александр Лукашенко бул уюмду 1997-жылдан бери башкарып келе жаткан.

Бул маалымат жарыяланган соң Лукашенко өлкөдөгү бийликти балдарына өткөрүп берүү ниети жок экенин билдирди. Ал уулдарынын бири да Беларуста өзүнөн кийин президент болбой турганын айтты.

Былтыр декабрда Эл аралык олимпиада комитети Беларустун Улуттук Олимпиада комитети спортчуларды саясий дискриминациядан коргой албаганын билдирген.

Буга байланыштуу Александр жана Виктор Лукашенкону Токиодогу олимп оюндарына ачылышына катышууга тыюу салган жана каржылоону токтоткон. Кийинки кадам Беларустун туусунун алдында спортчулардун эл аралык мелдешке катышуусуна тыюу салынышы мүмкүн.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени жарыяланганы менен оппозиция добуш берүүнүн бурмаланганын айтып, аны тааныган эмес. Ошондон бери нааразылык акциялары уланып жатат. Анын катышуучуларына бийлик күч колдонуп, аёосуз таркатып, куугунтуктап келет. Оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү камалса, башкалары чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG