Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Беларуста Орусияга каршы митинг өттү


Минск. 8-декабрь, 2019-жыл.
Минск. 8-декабрь, 2019-жыл.

Беларустун борбору Минск шаарында өлкөнүн Орусия менен интеграциясына каршы нааразылык акциялары эки күн уланды.

Миңге жакын адам шаардын борбордук аянтына чогулуп, Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш жасап, «Империялык Орусия менен союзга каршыбыз!» деген ураандарды айтып жатышты.

Акциянын соңунда ушундай эле мазмундагы резолюция кабыл алынды.

7-декабрда Беларус президенти Александр Лукашенко менен орус президенти Владимир Путин Сочиде жолукту, бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок.

Туура 20 жыл мурда, 1999-жылы 8-декабрда эки өлкө орток союздук мамлекетти түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүлүшү керек. Бул келишим ишке ашпаса да, акыркы убакта орус бийлиги Беларус менен интеграция маселесин утур-утур көтөрүп келет. Лукашенко 5-декабрда Беларус Орусиянын курамына кирбей турганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG