Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

“Центерранын” президенти Кумтөргө байланыштуу өкмөт койгон айыптарга жооп берди


"Centerra Gold" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри.
"Centerra Gold" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри.

"Centerra Gold" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлерине кат жолдоп, кендин айланасындагы жагдайлар боюнча жүйөлөрүн келтирди. Анын каты англис жана кыргыз тилдеринде компаниянын сайтына жарыяланды.

Перри “өкмөт кенди басып алганына бир айдан ашуун убакыт өткөнүн” белгилеп, алардын бир нече жолку сүйлөшүү аракетине карабай Кыргызстандын бийлиги диалогго келбей жатканын маалымдайт.

“Биринчиден, өкмөттүн кендин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине байланыштуу бизге койгон дооматтары чындыкка дал келбейт. Биргелешкен аракеттер менен, эл аралык деңгээлдеги экологиялык, коопсуздук жана техникалык стандарттарга жооп берген кенди иштеттик. Кумтөр алтын өндүрүүчү компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерге жана учурда колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп келген. Өкмөт жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик агенттиктер пайдалуу кендерди өндүрүү боюнча пландарыбызды жыл сайын текшерип, уруксаттарыбызды бекитип келишкен жана Кумтөр алтын компаниясы кенди ошого жараша иштеткен. Бүгүнкү күнү өкмөт кенди өз колуна алып, кенди ошол пландар боюнча иштетүүдө. Мөңгүлөрдүн эриши Кумтөр кени иштетилип баштаганга чейин климаттын өзгөрүүсү менен шартталган, Кыргыз Республикасындагы гана эмес, дүйнөнүн башка бурчтарындагы Альпы тоо кыркаларындагы мөңгүлөргө мүнөздүү жалпы көрүнүш. Кыргыз өкмөтү менен макулдашылгандан кийин, 2014-жылдан тарта бош тоо тектер Кумтөр кенинин аймагындагы мөңгүлөргө көмүлбөй калган. Бош тоо тектер менен мөңгүлөр аралашып кетпесин деп аларды өз өзүнчө ажыратып келгенбиз”,-деп айтылат Скотт Перринин катында.

"Centerra Gold" компаниясынын президенти ошондой эле “Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөрдүн эриши кен иштетилип баштаганга чейинки климаттын өзгөрүүсү менен шартталганын, бул жагдай Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн башка бурчтарындагы Альпы тоо кыркаларындагы мөңгүлөргө мүнөздүү жалпы көрүнүш экени” белгиленет.

Скотт Перри кызматкерлердин коопсуздугу алар үчүн маанилүү экенин, кен кыргыз тарапка өткөнгө чейин коопсуздук, мониторинг жана иштетүү системалары талапка ылайык иштеп келгенин кошумчалайт.

“Centerra Gold” компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри 1-июнда да Кыргызстандын жалпы элине кайрылуу кат жолдогон эле.

Кыргызстан май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизип, өзүнө алган. Канадалык компания бул эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирген.

17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

12-майда депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми "Центерра Голд" 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган. "Centerra Gold" мындай дооматтарды четке кагып келүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG