Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Депутат Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылды


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн саат 15:00гө Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Депутат "Азаттыкка" бул маалыматты ырастап, сурак Кумтөр ишине байланыштуу болушу мүмкүн дейт.

"Мага кечээ чакыруу берип кетишти. Анда кайсы иш боюнча сурай турганы тууралуу маалымдалган эмес. Менимче Кумтөр ишине байланыштуу окшойт. Анткени буга чейин бул иш боюнча атайын кызматка (УКМК) сурак бергем. Ал эми өткөн жылдын октябрындагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигине сурак бергем",-деди ал.

Рыскелди Момбеков Кумтөр ишине байланыштуу бир ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берген эле. Ал Кумтөр алтын кенин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлганда депутат өзгөчө пикир менен чыккан.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG