Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

АКШ Ооганстанда жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн экенин эскертти


Генерал Скотт Миллер.
Генерал Скотт Миллер.

АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер Ооганстандагы жаңжалдын курчушу жарандык согушка алып келиши ыктымал экенин айтты.

Анын билдиришинче, радикал "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы жаңы аймактарды өтө тездик менен басып алышы бул өлкө менен чектеш жашаган башка мамлекеттерди тынчсыздандырышы керек.

Генерал Миллер 29-июнда Кабулда өткөн маалымат жыйында "Озоди" радиосунун "Талибандын" позицияларына чабуул жасоо уланышы мүмкүнбү” деген суроосуна жооп берип жатып, талибдер бул чабуулдардын уланышын каалабаса, бардык аскердик операцияларын токтотушу керектигин белгиледи.

Буга жооп иретинде "Талибан" кыймылынын маалымат катчысы Забиулло Мужохид АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү создуктуруу менен Катарда жетишилген келишимди бузуп жатканын билдирди.

14-апрелде АКШнын президенти Жо Байден 11-сентябрга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлер толугу менен чыгарыларын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG